Уларбек БАКЫРДИНОВ: «Тез арада сапаттуу үй куруп беребиз»

Уларбек БАКЫРДИНОВ: «Тез арада сапаттуу үй куруп беребиз»

«Ар бир кыргыз татыктуу үйдө бактылуу жашоого укуктуу!» деген ураан менен Кыргызстанда сапаттуу, тез аранын ичинде заманбап үйлөрдү ADECS Эл аралык курулуш компаниясы кура баштады. Аталган компанияга барып, гендиректору Уларбек Бакырдинов менен маектештик.

Уларбек мырза, башка курулуш компаниядан айырмачылыгыңар — тез, бат бүтүрөт экенсиңер. Ошондо сапаты кандай болуп калат?

— Биздин ADECS курулуш компаниясы Кыргызстанда Канадалык СИП (структурасы изоляцияланган панель) технологиясы менен курууга уруксат алган мамлекеттик сертификаты бар курулуш компаниясы. Башка курулуш компаниялардан айырмачылыгы – тез, бат, ылдам, аз убакыттын ичинде үй бүтүрүп берет. Албетте, биринчи кезекте үйдүн сапатына көңүл бурабыз. Андан тышкары, бизде үй абдан эле арзан. Үй курууну былтыр баштаганбыз, былтыр 20 объекти бүтүргөнбүз, быйыл болсо эки объект баштадык. Алдыда дагы эки объект салынат.

— Тез болгондо канча убакытта бүтөт: бир айдабы же үч айдабы?

— Биздин компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү – үйлөрдүн кыска мөөнөттө курулуп бүтүшү. СИП панель технологиясы менен турак-жай курабыз, анын жакшы жери мезгил тандабайт, төрт мезгилде үй курула берет. СИП панели жеңил болгондуктан фундамент курууда акча каражаты да үнөмдөлөт жана 3-4 жумушчу күчү менен гана салынат. Негизи 30-60 күндүн ичинде толугу менен бүтүрсө болот. Зарыл болгондорго (200м2 ) үйдү 20 күндүн ичинде же андан эрте дегендерге бир жумада бүтүрүп беребиз.

Түшүнүктүү болуш үчүн, СИП панели боюнча бир аз түшүнүк бере кетейин. Жөнөкөй турак-жайларды жылытууда сарпталуучу энергиянын (электр тогу, көмүр, газ, отун ж.б) кубаттуулугу менен салыштырмалуу СИП панель үйүнө 5 эсе аз керектелет. Андагы энергия үнөмдөөчү материалы — 174 мм калыңдыктагы панелдин жылуулук өткөрүмдүүлүгү 2,5 метр кирпич дубал тамга барабар.

— Жөнөкөй тил менен айтканда, СИП жыгач болуп жатпайбы. Анын өрткө туруштук берүүсү кандай?

-ADECS – СИП панели менен курулган үйлөрдүн өрткө туруштук берүүсү 3-даражада турат. СИП панель дубалы түзмө-түз өрттүн күйүүсүнө бир саат туруштук берет, өзүн-өзү өчүрүү касиетине да ээ. Дубалдын ички бетин гипсакартон менен каптап салуу өрттүн пайда болбоосуна толук кепилдик берет.

СИП панели каркассыз өзүнүн жүк көтөрүү бекемдиги тикесинен 10 тоннага чейин көтөрө алат. Туурасынан 2 тонна метр², ошол себептен чатырга түшкөн кар оордук болуп эсептелинбейт жана 7,5 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет. Бышык. Сынбайт. Айрым кардарлардын бири 1-кабатта калып, үстүн карап турса, экинчиси 2-кабатка чыгып секирип, текшерип да көрүшкөн. Такыр кайышкан да, кыйшайган да эмес.

— Арзан деп атасың, ошондо канча каражат кетет?

— Бул жагы кардардын чөнтөгүнө жараша болот. Эгер кардар «мага фундаментин эле тургузуп, чатырын жаап, эшик, терезе салып бергиле. Колум жөндөмдүү, калганын өзүм бүтүрүп алам» десе, анда ал ошол айткандарына жана үйдүн размерине жараша төлөйт. Калганын өзү каалагандай, кыялындагыдай бүтүрүп алат. Квадрат метр – 17 миң сом (250 доллар). 400 доллардан жогору турат.

Сапаттуу, ыңгайлуу, заманбап жана баасы да асман тиребеген үйдү БИЗ салып беребиз!

Келиңиз, көрүнүз жана да баалаңыз,

Андан соң үйдү БИЗ мен салаарсыз.

Кайгырбай эч Канадалык үйдө,

Жакындарыңыз менен бирге,

Бактылуу ЖАШАҢЫЗ!

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.