Эдил БАЙСАЛОВ: «Атамбаевдин ичи күйүп жатат»

Эдил БАЙСАЛОВ: «Атамбаевдин ичи күйүп жатат»

31-мартта КСДПнын съезди жабык эшик артында болуп, аталган партияга Алмазбек Атамбаев төрага болуп шайланып, аягында журналисттерге жыйын өткөргөн. Андагы анын сүйлөгөн сөздөрү дагы деле кызуу талкууда: жөнөкөй элден саясатчыларга чейин сөз кылышууда. Биз бул боюнча коомдук ишмер Эдил Байсаловго суроо берип, оюн уктук.

— Эдил мырза, Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүнө сиз кандай саясий баа берип жатасыз?

— Жөнөкөй, жалпак тил менен айтканда, Атамбаев дагы бир ирет тарбиясыздыгын көрсөттү. Ушунун тарбиясыздыгынан улам, биз азыр балдарыбызга: “ушул адамдай болбо! Ушул президенттей президент болбо!” деп айтып, балдарды тарбиялап жаткан учурубуз. Себеби, Атамбаев тарбиясыздыгын дагы бир жолу бизге далилдеди. Ал бийликтен кетип баратканда, дипломатиялык этикага, мамлекеттик этикетке туура келбеген нерсени кылып, тарбиясыздыгын көрсөтүп кетти эле. Баарыңыздардын эсиңиздерде болсо керек, Казакстан өлкөсүнүн президенти Нурсултан Назарбаевге тийишип, кыргыз-казак элибиздин салтына терс келген сөздөр менен сөгүп, аларга жаман көрүнүп, кыргыз элин жаман көрсөтүп, ынтымактуу жашап жаткан эки элдин мамилесине бүлүк салып, алакасын бузуп кеткен. Мына эми бийликтен кеткенден кийин да, жөн жатпай кыргыз элинин ынтымагын ыдыратып, тарбиясыздыгын көрсөттү. Негизи эреже боюнча, кетип калган президент эч качан ордуна шайланып келген президентти 3-4 жылга чейин жамандабайт, сындабайт. Бул болсо, эч нерсе боло электе эле Сооронбай Жээнбековду жамандап кирди. Тагыраак айтканда, өзү бизге мактап, жактап бийликке алып келген кишини беттен алды. Ал киши эч нерсе кыла элек. Бир да кадам жасай элек, атүгүл сөзүнөн да жаңыла элек. Атамбаев анда: “Президенттик шайлоо алдында мен жаңылыпмын, бул адамдын талапкерлигин туура эмес көрсөтүпмүн” деп бизден, жалпы кыргыз элинен кечирим сурасын!

Азыр асылып жаткан Асылбек Жээнбековду да бир кезде мактабады беле. Эми минтип КСДПнын мүчөсү болсо да съездге чакыртпай койду. Мындай мамилеси менен Атамбаев эмне айткысы келип атат деп ойлойсуз?

— Асылбек Жээнбековго асылганы — Атамбаевдин ичи күйгөндүгү. Бийликтен кеткенине ичи күйүп, бук болуп жатат. 80 жаштагы директор пенсияга узап кетип, ордуна келген кишиге ичи күйүп, көрө албайт го, ошондой эле болуп жатат, мамлекеттик кызматты кызганып атат. Аны өзү жөн жатпай, көрсөтүп жатпайбы. Анын айткандарына караганда, мамлекетке, элге ушул эле күйөт экен. Кыргызстан мунсуз жашай албайт экен. Башка мамлекеттер менен биз тил табыша албайт экенбиз. Жаңы келген президент да кыргыз эли менен тил табыша албайт экен. Сооронбай Жээнбековго бул гана сын айтпаса, биз айтпайт экенбиз. Мындай мамилеси менен Атамбаев өзүнүн жеке мамилеси, жеке кызыкчылыгы менен догурунуп жатканын далилдеп атат. Догурунуп дегеним, эки бир туугандын ортосуна кирип алып, бир туугандык мамилесин бузуп, Сооронбай Жээнбековду менчиктеп алуу болууда. Атамбаев Асылбек Жээнбековдон, дегеле кыргыз элинен Сооронбай Жээнбековду “кызганып” жатат. Анын оюнча, Сооронбай Жээнбеков бир тууганынан баш тартып, башка кишини тааныбашы керек, карабашы керек, ошонун эле оозун карап, ошонун айтканын чыкпай, аткарышы керек экен. Ал кыргыз элинен эле эмес, Путин, Назарбаевден да “кызганып” атат. “Жээнбековду кантип таанып атасыңар? Мен бул жакта кожоюнмун, мен бакшарып жатам” деп атат. Мына ушунун баарын кантип айтаарын билбей, Асылбек Жээнбековго асылып жатат. Бул уят.

Асылбек мырза жөнүндө учкай айта турган болсом, ал кыйын учурда КСДПны, Атамбаевди колдоп, чуркап ага кызмат кылган. Саясатта өзүнүн орду бар. Бир канча жыл Жогорку Кеңешке төрага болуп, мамлекетке кызмат кылып берди. Эми ошол таасирлүү кызматын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп келгенде, садага чаап, бошотуп берген. Ал жогорку тепкичтен ылдый түштү. Азыр эми ошол тепкичтен эмнеге түшүшү керек? Ал эмне депутаттыкка башка өлкөдөн, сырттан келип атабы? Же Сооронбай Жээнбеков аны шоопуру катары бизге башкы лидер кылып даярдап жатабы? Жок. Же жансакчыларын генерал кылып даярдап жатабы? Жок. Же секретаршаларын министр кылып жатабы? Жок. Бул жерде Атамбаевдин саясаты башка, “иниң мандатын тапшырсын” демиш болуп, “мени танда же бир тууганыңды танда” деп жатат. Анын бул талабы туура эмес, туура эмес экенин эл деле көрүп-билип турат.

— КСДПнын съездинен чыгып кеткен делегаттар деле: “Кыргызстандын ийгилигин жалгыз КСДП жараткан жок, жалпы кыргыз эли жараткан. Сооронбай Жээнбековду, Асылбек Жээнбековду жамандаганы туура эмес» деп күйүп-бышып айтышты го. КСДПнын күнү бүтүп бараткандай…

— КСДПны партия деп айтууга болбойт. Ал дайыма ушул Алмаз Атамбаевдин жеке менчиги, жеке короосу болчу. Ошол короого киргендер, орой айтканда, Атамбаевдин “малы” десек болот. Ал короого өзүнө жаккан адамдарды киргизчү, жакпаган кишилерди сүрүп чыгарып салчу. Баш ийбегендерди ал эч качан чакырбайт. Мен сиздерге 93-жылдан беркисин атай турган болсом, Амангелди Муралиев, Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев жана башка дагы көптөгөн дөө-шаалар КСДПнын катарында болгон. Не деген кишилерди партиядан сүрүп чыккан. Бу боюнча Акылбек Жапаровдон сурасаңар болот, анткени ал киши КСДПнын алгачкы жооптуу катчысы болгон. Ушундай дөө-шааларды сүрүп чыгарып жаткандан кийин, Атамбаевге азыркылар эмне болуп калыптыр? Атамбаев ушундай мамилеси менен өзүнүн партиясынын баркын кетирип, рейтингин түшүрүп алды. Ага чычалабай, ачуу чындыкты мойнуна алышы керек! КСДПнын азыркы учурда күчү жок. Себеби, партияны, анын лидерин 5 пайыз эле колдобосо, 95 пайызы жаман көрүп, түкүрүп жатат. Демек, бул партиянын иши бүттү. Буга чейин “Алга, Кыргызстан”, “Ак жол” партияларынын тагдыры ушундай болгон.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.