Мэр айдоочулар боюнча буйрук чыгарды

Мэр айдоочулар боюнча буйрук чыгарды

2-апрелде Бишкектеги маршруттун айдоочулары иш таштап, мэрияга бир топ талаптарды коюшкан. Мэрия алардын талаптары аткарылбасын ошол эле күнү билдирген. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн айдоочулар боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу мындай билдирүү таратты.

Шаардын борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан бошотуу жана чоң автобустарды бул маршруттар боюнча жүргүзүү иш чараларын даярдап чыгууга шаардык транспорт башкармалыгына тапшырма бердим. 
Ошондой эле кичи автобустардын айдоочуларынын шаардык жүргүнчүлөргө карата төмөнкү кызмат деңгээлин жана маданиятын эске алуу менен, жол кыймылынын эрежелерин тынымсыз, орой бузуу фактылары боюнча тийиштүү фирмаларды шаар маршруттарынан чыгаруу боюнча иш чараларды даярдаганга буйрук бердим”,-
деп жазыптыр баракчасына.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.