Айгүл ТЕКЕБАЕВА: “Жолдошумдун абалы жакшы эмес…”

Айгүл ТЕКЕБАЕВА: “Жолдошумдун абалы жакшы эмес…”

Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында камакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жолдошунун денсоолугуна тынчсызданып, журналисттерге билдирген. Маалыматка караганда, эки жумадан бери Өмүрбек Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбей, ошол жердеги дарыгерлер тарабынан ар тараптуу текшерүү жүргүзүлө элек. Айгүл айымдын айтымында, ал абактагы өмүрлүк жары менен 15-марттан бери көрүшкөн эмес. «Бизге бир жарым айда бир жолугууга уруксат бериле турган кылып койгон. Акыркы жолу киргенде абалы жакшы эмес болчу. Азыр деле өзгөрүү жок», — деген Айгүл айым.

Эскерте кетсек, экс-депутат Өмүрбек Чиркешовичтин денсоолугуна тынчсызданып, 3-апрелде Феликс Кулов баштаган бир далай коомдук ишмерлер бийлик башчыларына кайрылуу жөнөтүшкөн. Алар «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге дарыланууга шарт түзүп берүүнү суранышкан. Андан тышкары, кайрылууда Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганы, азыр да анын денсоолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени жазылган.

Жалган жалаа менен отурган Өмүрбек Текебаевди президент Сооронбай Жээнбеков чыгарып койсо жакшы болмок. Эч күнөө жок экенин жакшы билет. Үмүт кылып туралы, балким, үй-бүлөсүнүн, коомдук ишмерлердин кайрылуусу президентке таасир берээр…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.