Асылбек Жээнбековду белгисиз бирөөлөр сабап кетип, ооруканада…

Асылбек Жээнбековду белгисиз бирөөлөр сабап кетип, ооруканада…

Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууган иниси Нурбек Жээнбеков “Турмуш” сайтынын аймактык кабарчысына билдирген. Анын айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылынын 38 жаштагы тургуну, бир тууганы Асылбек Жээнбековду белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Агасы учурда ооруканада оор абалда жатат.

Мен учурда Москвадамын, ошол жакта иштейм. Байкем болсо Бишкекте шишкебек сатып иштечү. 8-мартта балалуу болуп, аябай кубанган эле. Экөөбүз телефондо сүйлөшкөнбүз. Байкемди сабаган окуя 27-мартта болуптур. Ал күнү байкем бир аз ичимдик ичип алган экен. Ошон үчүн кимдер, кайсы жерден токмоктоп кеткенин билбейт. Бишкектеги республикалык ооруканага тез жардам менен жеткирилип, ал жерге селсаяк катары катталып калыптыр. Бирок, менин байкем андай эмес. Эсине келгенде дарыгерлер тууганын сураса, эжемдин номурун айтыптыр, ошентип таап алдык. Байкемдин учурда абалы оор, эки жолу операция болду. Уйку безге катуу тээп коюптур, ошол тушу ириңдеп кетиптир. Кан донору керек болууда. Агам Асылбек Жээнбековго жардам берем дегендер болсо, 0555-10-10-18 номуруна чалып койсоңуздар.”,-деген жабырлануучунун иниси Нурбек Жээнбеков.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.