Атамбаев жөнүндө китеп чыкты, бирок, ал макталган эмес…

Атамбаев жөнүндө китеп чыкты, бирок, ал макталган эмес…

Мындай китеп Москвада жарык көргөнүн «Кактус-медиа» сайты жазып чыкты. Маалыматта маалым болгондой, бул китептин автору — орус жазуучусу, публицист, тарыхчы, политолог Дмитрий Верхотуров. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу «Тень Атамбаева над Киргизией» аттуу китеп жазган. Анын бет ачаары жакында эле Орусияда болуп өткөн. Китеп 1500 нуска менен чыгып, анын 1200ү Бишкекке жөнөтүлүптүр. Калганын автор өзү Москвадагы эксперт, политолог жана журналисттерге таратыптыр.

Кыскача айтканда, бул китепте автордун тарыхый көз карашы чагылдырылып, Атамбаевдин башкаруусунун натыйжасы баяндалган экен. Жазуучунун айтымында, Атамбаев мурдагы эки президент Акаев менен Бакиевге караганда, Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып келиптир. Элдин колдоосун, ишенимин актаган жок деп эсептейт экен автор.

Мындай китеп Алмаз Атамбаевдин колуна тийсе, ал кандай абалда болот болду экен?..

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.