Ирина КАРАМУШКИНА: “Митинг жасагандар эмнеге эмгиче жоопко тартылбайт?”

Ирина КАРАМУШКИНА: “Митинг жасагандар эмнеге эмгиче жоопко тартылбайт?”

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина айтты. “Айдоочулардын иш таштоосу ордо калаанын тургундары үчүн күтүүсүз болуп, эки күн көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жаратты. Укук коргоо органдары да тийиштүү чараларды көрө алган жок. Ошондуктан, ошол күнү автомашиналары каттамдарга чыкпаган, алдын ала эскертилбеген митинг жасаган фирмалардын баарын лицензиядан ажыратуу керек. Эмне үчүн ушул кезге чейин алдын ала эскертилбей жасалган митинг иликтенип, аны баштагандар жоопко тартылбайт? Эмне үчүн каттамга чыккан айдоочуларды коркутуп-үркүтүп жүргөн адамдар аныкталбайт? Менимче, бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү керек», — деди депутат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.