Мечиттердеги көрнөктөрдү кыргызча жаздыруу маселеси көтөрүлдү

Мечиттердеги көрнөктөрдү кыргызча жаздыруу маселеси көтөрүлдү

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев жана “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдор жолугушуп, дин чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин талкуулашкан. Алар дин чөйрөсүндөгү терминдердин кыргызча вариантын иштеп чыгып, мечиттердин, диний уюмдардын ички, сырткы көрнөктөрүн мамлекеттик тилде жазууга өткөрүү маселесин козгошкон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.