“Райым миллион” Атамбаевге жооп кайтарды…

“Райым миллион” Атамбаевге жооп кайтарды…

31-марттагы маалымат жыйынында Атамбаев Райымбек Матраимовду сындап, анын буйругу менен кызматтан кеткенин айткан. Ал боюнча “Райым миллион” аттуу каймана ат менен таанымал болгон Райымбек Матраимов үн катты. Ал Атамбаевге жергиликтүү гезит аркылуу мындай деп  жооп кайтарган: «Мен КСДПга жакшы эле эмгек кылып келдим. 2015-жылы Икрам досум жана Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалдым. Бажы кызматында планды мен ашыгы менен аткарып, бюджетке киреше алып келгем. 2017-жылдын мен иштеген он айында бажы төлөмдөрүнөн 27 миллиард 700 миллион сом түштү. Бул пландан 295 миллион сомго ашыкча болду».

Мына ушинтип эле Атамбаевдин калпы калкып чыгып калат. Кызматка алып келээрде аябай мактайт, кетээрде ашкере жамандайт. Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновду “досум” деп жатпайбы. Ушул адам да кызматка көп кишини алып келгени айтылып эле келген…

Эрзат МЫРЗА

One thought on ““Райым миллион” Атамбаевге жооп кайтарды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.