Таластагы митинг 7-апрелге жылды. Аны кимдер өткөрөт?

Таластагы митинг 7-апрелге жылды. Аны кимдер өткөрөт?

Буга чейин активист жаран Айбек Мырза Таласта 6-апрелинде тынчтык митинги болорун кабарлап келген. “2010-жылы 6-апрелде Таласта башталган митинг максатына жеткени же жетпегендиги тууралуу талкуу өтөт. Ошондой эле коррупция, сот системасы, саясий куугунтук, сөз эркиндиги боюнча сөз болот. Мындан тышкары, Апрель окуясында каза болгондорду эскеребиз», — деген.

Митингдин жылганынын себеби…

Бүгүн болсо, Айбек Мырза 7-апрелге жылганын жарыялады. “Урматтуу мекендештер, мурда жарыялангандай, коомдук активисттер тарабынан демилгеленип, 6-апрелде Талас шаарында өтө турган митинг-реквием жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин 7-апрелге жылдырылгандыгын кабарлайбыз. Бул күнү эскерүү, куран окутуу иш-чаралары өтөт”,-деди Айбек Мырза.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.