“Ата Мекен” Жолдубаевага ишеним көрсөткөн жок

“Ата Мекен” Жолдубаевага ишеним көрсөткөн жок

Башкы прокурор Индира Жолдубаева бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын жыйынына келген жок. Анын отчетун орун басары Бөкөнбай Казаков окуп берди. Отчет талкууга болуп, эл өкүлдөрү ага суроо жаадырышты. Депутаттар Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, «Манас» аба майданы, «Идеал-Хаус», Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин резиденцияга үй салышынын мыйзамдуулугу боюнча суроолорду беришти.

Жыйынтыгында, аталган фракция прокуратуранын отчетун канааттандырарлык эмес деп, Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү чечимим кабыл алышты. Андан тышкары прокуратуранын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча спикер Жумабековго сунуш киргизмей болушту.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.