Өмүрбек Текебаев камакта калып, Сапар Исаков 7-апрель эскерүүсүнө катышат деп ким ойлоптур?

Өмүрбек Текебаев камакта калып, Сапар Исаков 7-апрель эскерүүсүнө катышат деп ким ойлоптур?

Эртең, 7-апрелде, президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен апрель окуясында курман болгондорду эскерүүгө арналган иш-чара өтөт. Мындай иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев чакырылган. Атамбаев Отунбаеванын бетин кантип карайт болду экен?..

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун, жабыркагандардын туугандары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышат. Мындай иш-чарага, Бакиевдин бийлигин кулатканга чоң салым кошкон тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев да катышса жакшы болмок. Дал ушул күнү Текебаев камакта калып, Максим Бакиевдин жанында жандап жүргөн, анын оң колу болгон Сапар Исаков эскерүүгө катышат деп ким ойлоптур? 2011-жылы Текебаев, Отунбаева, Атамбаев «Форумдун» алдындагы эскерүү иш-чарасына катышып, курман болгондордун сүрөтүн көрүп, өзгөчө Атамбаев көзүнө жаш алып, «ушул бизге сабак болушу керек. Жаркын жашоо үчүн курман болушту балдарыбыз»,-деди эле. Аягында үчөө эл алдында ант беришкен болчу… Ошол антты Атамбаев унутту, туура эмес иш кылды. Кыйын кезде мамлекетке башчы болгон Роза Отунбаеваны жамандап, күнү-түнү Конституция жазган Өмүрбек Текебаевди түрмөгө тыгып, Максим Бакиевдин жанында жүргөн Сапар Исаковду жогорку кызматка көтөрдү.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев сегиз жыл мурда Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок чыгарган. Октон 80ден ашык адам каза болуп, жүздөн ашууну жарадар болгон.

Бул күн майрамбы?

Бул күндү былтыр андагы президент Алмазбек Атамбаев “мамлекеттик майрам жана дем алыш күнү” деп жарыялаган. Быйылкы дем алыш күнү ишембиге туш болгондуктан, мамлекеттик кызматкерлер дүйшөмбү күнү, 9-апрелде иштешпейт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.