“Республика-Ата Журт” фракциясынан да Жолдубаева колдоо тапкан жок

“Республика-Ата Журт” фракциясынан да Жолдубаева колдоо тапкан жок

Бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаева оппозициялык фракция: «Ата Мекен» менен “Республика-Ата Журттун” алдында бир  жылдык отчет бермек. Бирок ал өзүнүн ордуна 1-орун басары Бөкөнбай Казаковду жиберип койгон. Казаковдун отчетун “Ата Мекен” эртең менен угуп, Жолдубаеванын ишмердүүлүгүнө ишенбестик көрсөтүшкөн. Ал эми “Республика-Ата Журт” жыйынга прокурордун өзү келбей, орун басары келгенине нааразы болуп, аны угуудан баш тартышты. Аталган фракция Индира Жолдубаеванын ишин «канааттандырарлык эмес» таап, ал саясый өңүттө козгогон кылмыш иштери менен мыйзамдуулукту тепселеп, мамлекеттүүлүккө коркунуч жараткандыгы үчүн ага ишенбестик көрсөтүштү.

Эмки жумада Жолдубаева кызматтан кетеби?

Келээрки жумада башкы прокурордун отчету башка фракцияларда да каралат. Айрым депутаттардын билдирүүсүнө караганда, Индира Жолдубаеванын отставкасы күтүлүүдө. Мисалы депутат Жанар Акаев “Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетет”,-деген.

Президенттин аброюн коргоо боюнча рекорд коюптур…

Жолдубаева жетектегенден бери Башкы прокуратура президенттин аброюн коргоо боюнча рекорд коюптур. Өмүрбек Текебаев баш болгон далай саясатчыларга каралаган иш козголгон. Таба эмес, тобо, Атамбаев бийликтен кеткени Жолдубаеванын жолу болбой калды окшойт…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.