Жанар АКАЕВ: “Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетет”

Жанар АКАЕВ: “Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетет”

Бүгүн оппозициялык фракциялар бакшы прокурордун отчетун угат. Ал боюнча депутат Жанар Акаев пикирин Твиттерге мындай деп жазды: “Парламенттеги маанайды эске алсак, башкы прокурор Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетет. Анын отчетун парламент колдобойт деп ишенем”. Андан тышкары, депутат “Азаттыкка” мындай деген: “Жума күнү оппозициялык фракциялар башкы прокурордун отчетун угат. Менин жеке пикиримде, аны иштен алуу боюнча бир нече фракция чечим чыгарат. Шейшемби күнү аны тиешелүү комитет караса, жалпы жыйында коалициядан мурун башкы прокурордун тагдырын чечишибиз керек. Бул миссия азыр биздин алдыбызда турат. Келерки шаршембиде күн тартибинде башкы прокурордун тагдырын чечебиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.