Жээнбеков Жолдубаеваны кызматтан алууну сунуштады

Жээнбеков Жолдубаеваны кызматтан алууну сунуштады

Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алуу сунушун парламентке жиберди. Бул  сунушту учурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети кароодо.

Бул сунушту ЖК депутаттары колдойт деп ойлойбуз. Себеби, өткөн жумада оппозициялык эки фракция «Ата Мекен» жана «Республика — Ата Журт» Жолдубаеванын 2017-жылкы ишин «канааттандырарлык эмес» деп таап, колдогон эмес. Фракциялардын жыйынына Жолдубаева өзү келбей, ордуна орун басары Бөкөнбай Казаковду жиберип коюп, ал отчет берген. Ал эми депутат Жанар Акаев Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетээрин айткан.

Ошентип Жолдубаеванын жолу Жээнбеков бийликке келгени болбой калды. Ал Атамбаев убагында жакшы эле ага кызмат кылып берди. Далай саясатчыларга жалган жалаа менен иш козгоду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.