Аида САЛЯНОВА, мурдагы башпрокурор: “Жолдубаева кол алдындагы прокурорлорду да жаман жолго түрттү”

Аида САЛЯНОВА, мурдагы башпрокурор: “Жолдубаева кол алдындагы прокурорлорду да жаман жолго түрттү”

Бүгүн, 11-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетиришти. 105 депутат колдоп, экөө каршы болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Жолдубаеваны отставкага кетирүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган, парламент бул сунушту колдоп берди. Тилекке каршы, жыйынга Жолдубаева өзү катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү сураганын спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.

Экс-баш прокурор эмне дейт?

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылып келып, анын туура эмес иш кылып жатканын ачык эле айтып келген. Бүгүн анын кызматтан алынганы күтүүсүз деле болгон эмес, акыры кетээрин билген. “Индира Жолдубаева үч жылдан ашыгыраак иштеди. Чоң коррупциялык иштерди алып чыккан жок. Саясий иштер менен гана алектенди. Эң өкүнүчтүүсү — өзү эле саясий иштер менен алектенбей, кол алдындагы прокурорлорду да жаман жолго түрттү”,-дейт экс-баш прокурор.

АКАЕВ: “Кызматтан эле алып койбой, жоопко тартыш керек!”

Депутат Жанар Акаев өткөн жумада эле: “Жолдубаева бир жумага жетпей кызматтан кетет”,-деген. Айтканы төп келди. Бүгүн да ачуу чындыкты айтты: “Биздин өлкөнүн эң чоң проблемасы ушул, ката кетирген чиновникти жазалоонун жеткен чеги — кызматтан алуу. Четинен жоопко тартыш керек, ошондо кийинкилер сабак алат, адамдарды ак жеринен түрмөгө тыксам, эртели кеч жооп берип калам деп коркуп калышы керек! Болбосо, бүгүн Асан жасаганды, эртең Үсөн улап кете берет…”

Жолдубаева башка өлкөгө качып кеттиби?

“Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кетти” деген маалыматтар тарады. Мындай маалыматтарды Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы четке кагып, “чындыкка дал келбейт. Ал Кыргызстанда эле” деп билдирди.

Аида Салянова кайра башпрокурор болобу?

«Индира Жолдубаеванын ордуна, кайрадан мурдагы кызматына Аида Салянова келет экен» деген кептер кетти. Айрым коомдук ишмерлер, саясатчылар, коомдук активисттер да колдоп жатат мындай кепти. Болсун, болсун! Биз дагы колдойбуз! Анткени Аида Жеңишбековна жакшы иштеген, нак коррупционерлерге кылмыш иш козгогон. А Жолдубаева болсо Атамбаевдин ишеничтүү адамы болгон, анын айткандарын аткарып турган, аны баарыбыз эле жакшы билебиз. Андыктан, туура эмес иш кылып, мыйзамды тебелегендиги үчүн жооп бериши керек. Жанар Акаев айткандай, кызматтан эле кетирип койбой, тезинен жоопко тартуу зарыл!

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.