Баекованын жээни, Карашевдин балдызы туулган күнүндө кызматтан кетти…

Баекованын жээни, Карашевдин балдызы туулган күнүндө кызматтан кетти…

13-башпрокурор Индира Жолдубаеванын кызмат мөөнөтү 2023-жылы аяктамак. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү сунушун парламентке жолдогон. Президенттин мындай сунушун парламент бүгүн колдоду, 105 макул, үчөө каршы болду. Ошентип, Жолдубаева дал туулган күнүндө, 11-апрелде кызматтан кол жууп отурат.

Таасирлүү кызматка келишине Атамбаевдин таасири күч

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолун «Сорос-Кыргызстан» фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. “Манас” эл аралык аба майданында, «Компаньон” микрокредиттик компаниясында юрист, “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген. Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирип, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген. 2015-жылы башпрокурор болуп дайындалган. Мындай таасирлүү кызматка келишине Атамбаевдин таасири күч болгону жашыруун деле эмес. Анын ишенимдүү кадрларынын бири катары белгилүү.

Кимдин тууганы болгон?

Жолдубаева Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин балдызы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.