Текебаевдин камерасынан видео алынып, эртең саламаттыгы боюнча корутунду чыгат

Текебаевдин камерасынан видео алынып, эртең саламаттыгы боюнча корутунду чыгат

Бүгүн, 11-апрелде, премьер-министр Сапар Исаков Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаровго Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөлдүн мыйзамдуулугун карап көрүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жаза аткаруу кызматы эмне дейт?

Исаковдун мындай буйругуна Жапаров абактагылардын коопсуздугу үчүн видео-аудио көзөмөлдү камеранын ичине орнотууга мыйзам жол берерин айтты. Бирок, бул маселе чечилерин, видео-көзөмөлдү алып салуу боюнча Текебаевдин өтүнүчү аткарыларын, ал камеранын сыртына коюларын билдирди.

“Күнү-үнү видеокөзөмөлгө алуу адам укугун бузат”

Видео боюнча алгач Текебаевдин үй-бүлөсү айтып чыгып, аны орнотууга Текебаев өзү да каршы болгондугун маалымдашкан. Бул маселени А.Шыкмаматов парламентте көтөрүп чыгып, камераны күнү-түнү видеокөзөмөлгө алуу адам укугун бузарын айтып, аны алып салууну өкмөт башчыдан талап кылган.

Эскерте кетсек

Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чыры боюнча коррупцияга айыпталып, былтыр февраль айында камакка алынган. Аны менен кошо Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга “орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген айып тагылып, сот ар бирин 8 жылдан кескен. Учурда Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөөдө.

12-апрелде врачтар консилиумга чогулушат

Мындай  маалыматты «Азаттыкка» Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирген. “Жыйынтыктары толук чыккандан кийин, 12-апрелде врачтар консилиумга чогулуп, Текебаевдин саламаттыгы боюнча корутунду чыгарышат. Бүгүн аны кардиологиялык борборго алып келишкен жок. Эртең алып келишсе керек”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебавдин саламаттыгын текшериш үчүн Улуттук кардиология борборуна алып барышкан. Текшерүүгө  депутаттар да, адвокаттар да киргизилбегенин Текебаевдин адвокаты Афиджанов айткан. “Текебаевдин ден соолугун текшерүүгө аз убакыт берилди. Дээрлик бир сааттык убакытта врачтар анын анализдерин текшеришти. Бул бүгүнкү текшерүүнүн аныктыгынан шектенүүгө негиз берет. Ошол эле учурда текшерүү жүрүп жатканда жана дарыгерлердин кеңешүү мезгилинде УКМКнын жарандык кийимчен кызматкери кирип, аралашып жүрдү” деген Афиджанов “бүгүнкү жүргүзүлгөн медициналык кароо үстүртөн өткөрүлдү» деп, Текебаевдин ден соолугун жакшылап текшерүүнү талап кылышарын кошумчалаган.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бул күнү кароо жүргүзүлгөнүн, корутунду 11-апрелде чыгарыларын маалымдаган эле. Корутунду бүгүн эмес, эртеңкиге калды. Кандай корутунду чыгарышат ким билет?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.