14-башпрокурор кетти, 15-болуп ким келет?

14-башпрокурор кетти, 15-болуп ким келет?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева ээлеген кызматынан бүгүн бошотулду. Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду. Ошентип 14-башпрокурор кетти. Кызыгы – эң биринчи башкы прокурор Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси болуптур.

Бул таасирлүү кызматта кимдер иштеп кеткен? Анда эмесе, Эгемендүүлүк алгандан берки башкы прокурорлордун тизмесине көз чаптыралы.

  1. Чолпон Баекова (1991-1993)
  2. Асанбек Шаршеналиев (1993-2000)
  3. Чубак Абышкаев (2000-2002)
  4. Мыктыбек Абдылдаев (2002-2005)
  5. Мурат Суталинов (2005-жылдын 23-мартынан апрелге чейин)
  6. Азимбек Бекназаров (2005-жылдын апрелинен сентябрга чейин)
  7. Бусурманкул Табалдиев (2005-жылдын сентябрынан октябрга чейин)
  8. Камбаралы Конгантиев (2005-2007)
  9. Элмурза Сатыбалдиев (2007-2009)
  10. Нурлан Турсункулов (2009-2010)
  11. Байтемир Ибраев (2010-жылдын апрелинен сентябрына чейин)
  12. Кубатбек Байболов (2010-2011)
  13. Аида Салянова (2011-2015)
  14. Индира Жолдубаева (2015-2018)

2005-жылы, Бакиев бийлиги келгенде, бир жылда эле төрт башкы прокурор алмашыптыр. Эң аз, бир ай эле иштеп кеткен Мурат Суталинов  болуптур. Ким кандай иштегенин билесиздер. Өзгөчө 14-башкы прокурор Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевге жакшы кызмат кылып берди. “Атасы” кеткени жолу болбой калды… Ошентип, бул орунга ким келет деп 15-прокурорду күтүп калдык.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.