Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Нан жабам, шапылдатып уй саайм”

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Нан жабам, шапылдатып уй саайм”

Кыргызстандагы элчиликтердин көбү таанып, жаттап бүткөн укук коргоочу Өндүрүш байкенин жай турмушуна кайрылып көрдүк. Бала чагы, ата-энеси, бир туугандары, үй-бүлөсү, үйдөгү гүлдөрү, өзү жашаган Лесное айылына таратып жаткан жаңылыктары тууралуу маек курду.

 — Өндүрүш байке, эс тарткандан эле укук коргоочу болом дебеген чыгарсыз да, туурабы? Балалык кыялдарыңыз башка болсо керек?

– Аның туура. Чаңызгыткан балалыкта балким көп кыял күткөндүрмүн. Эсимде калганы, мектепте окуп жүргөндө, «Келечекте ким болосуң» деп сочинение жазганбыз, ошондо «доктор болом» деп жазыптырмын. Эмне себеп болгонун азыр деле түшүнбөйм. Ата-энем чабан болушкан, Суусамырда. Очор-бачар болуп, көп балалуу үй-бүлөдө өстүм. Теңтуштардын баары эле мугалим же доктор, же учкуч болом дешсе, «доктор болом» десем керек да…

– Бирок доктор болгон жоксуз, журналисттикти окудуңуз?

– Баса, балет бийчиси болуп кала да жаздагам. Анда 4-класста окучумун, кыргыз тили жана адабият мугалими Бегимкулова Нурила ген сонун эжейибиз бар эле, ошол бир күнү «баргыла, бутуңарды жууп келгиле» деди. Доктур келет деп койду беле, билбейм. Мектептин короосундагы сууга чуркап барып жуунуп келсек, пионерлер бөлмөсүнө бирден киргизишти. Кирсем, үч агай, бир эжей орусча сүйлөп, буту-колду чоюп, секиртип өзүнчө сүйлөп жатышты. Баары бүткөндөн кийин эжейим «атаңды чакырып кел» деди. Кийин атам келип жолукту, көрсө, Ленинграддагы бий окуу жайына жер-жерден жөндөмдүү балдар-кыздарды тандап жүрүшүптүр. Мен туура келип, атамдын уруксатын алышты. Эжейим 25-августта келишет деп койсо, өрөпкүп аябай күттүм ошол күндү. Кандайдыр бир себептер менен келбей калышты…

– Журналистиканы тандап алганыңызга караганда чыгармачылыкка, адабиятка жакын болсоңуз керек?

– Мектепте Нурила эже, Парманкул агай сындуу сонун мугалимдерден билим алдык. Алар берген билим окуу жайдыкына тете болмок түгүл, андан ашып түшчү. Баладагы шык-жөндөмдү ойготушчу. Мен ыр жаздым, «Манастан» үзүндү жаттап алып көркөм айтчумун. Эсимде, «Байчечекей» деген радио-журналдан эки-үч ырымды окушкан. Кийин «Кыргызстан пионери» гезитине ыр, мектеп жаңылыктарынан жазып калгам. Редакцияда иштеген агай-эжелерибиз жооп жазышчу каттарыбызга. Эсимде, Дүйшөбүбү Жамансартова эжеден «ыр мындай жазылат, көп оку» деген кеп-кеңеши жазылган кат алгам. Баса, «Кыргызстан пионери» гезити аркылуу кат алышчубуз башка жактын окуучулары менен. Ал жөрөлгөнү Токон Сыдыкова деген классташым баштаган. Өзү жазган каттарды мектепке алып келип, окуп берип, анын артынан биз да таасирленип жаза баштаганбыз. Мен Миталип Файзуллаев деген бала менен кат алышып калып, катымда каталарды кетирген окшойм, «мындай каталарың бар экен, жазып тур» деп оңдоп-түздөп кайра артка салып жиберчү. Кийин байланышыбыз үзүлүп калды…

– Укук коргоочулук милдеттемени качан жүктөп алдыңыз өзүңүзгө?

– Кичине кезимде кичинекейлерди опузалагандар болсо, болушуп жатып калчумун. Бир жолу Аниса деген классташымды физика мугалиминен арачалаганым эсимде. Ал мугалимдин кызы муз тээп жаткан жерден Аниса мени урду деп айтып койгон экен, Аниса өзү жоош кыз болчу, эжей келип алып, «сен, ай-уй» деп тарткылап-түрткүлөп урушуп кирди. «Сиз неге антесиз» деп болушсам, «сен тим бол, сабакта ушундай жооп берсең кана» деп мени да каарып өткөн. Балким, ошондо эле…

– Деги күнүңүз кандай башталат? Үйдө сиз «ай-уй» деген киши жоктой туюлат?

– Көп балалуу үй-бүлөдөн элем, тилекке каршы, удаа-удаа эки эжем, карындашым, иним, атам каза болуп калды. Карындашым төрөттөн, дарыгерлердин шалаакылыгынан көз жуумп, эжелерим, атам, иним жакшынакай туруп эле кете беришти. Биздин тукумда кан басымдын жогорулугу мүнөздүү экен. Жубайым автокырсыктан каза болуп калган. Жоготуулардын айынан апамдын жүрөгүн күйүт басып, инсульт болуп, азыр баспай калган. Бардык түйшүк өзүмдүн мойнумда… Уулум Арсен, кызым Жамийла Россияда иштеп жүрүшөт.

-Нааразычылык акциясына көп чыгасыз. Буга апаңыздын көз карашы кандай?

-Апам нааразычылык акциясына кетип жатсам, «жолуң болсун, балам» деп батасын берип узатып, тосуп алат.

– Үй ичиндеги иштердин баарын өзүңүз кыласызбы?

– Аялдын жумушу, эркектин жумушу деп бөлбөйм. Нан жабам, камыр жасайм. Эки уй бар, шапылдатып уй саайм. Айран уютам. Кайтыш болгон карындашымдын кайненеси Батма кудагыйдын айраны таттуу уюганын көп байкачумун. Сырын сурасам, сатыктагы кефир бар го, ошого уютсаң таттуу уюйт экен. Мага конокко келгендер тамшанып ичип калышат. Огородду жакшы карайм. Апамдай эле гүлгө жакын болуп баратам. Үйдүн тегереги, үйдүн ичи да бүт гүл. Герань, кытай розасы, сансевиерия (муну «кайнененин тили» деп коебуз), үйдүн тегерегине отургузсаң тимеле жарашып калган космея деген бир жылдык гүлдү менден кийин башка кошуналарым да көбөйтүп алышты. Уругун жыйнабай койсоң, ошол жерге өсө берет… Алар тууралуу китептерди окуйм кызыгып…

– Китепти көп окуйсузбу?

– Китепке жакынмын. Студент кезде көп китеп жыйып, карындаштарым менен көчүп-конуп жашап калганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө баарын жыйнап барып өткөрүп бергем.

– Ырбийге кандайсыз?

– Той-тамаша болгондо приздерди жыйнап алам. Бир курдай жээнимдин үйлөнүү тоюна Караколго барып, аябай бийлептирмин, «тайке деген пир болот, айткан сөзү бир болот» деп мага белекти аябай эле беришиптир.

 Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Нан жабам, шапылдатып уй саайм”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.