Сапар Исаковдун таза адамы Алмаз Ногойбаев «Кыргыз темир жолунун» жерине кызына мейманкана куруп берген

Сапар Исаковдун таза адамы Алмаз Ногойбаев «Кыргыз темир жолунун» жерине кызына мейманкана куруп берген

“Кыргыз Темир жолу” ишканасынын жетекчиси Алмаз Ногойбаев боюнча Жанар Акаев парламентте (1-мартта): «Бир кезде бюджеттин башкы капчыгы болгон ишкана эми мышык ыйлай турган абалга түшүп, банкрот болуу алдында турат. Алмазбек Ногойбаев ишкананы өзүнүн жеке менчиги катарып колдонуп, ушундай кырдаалга туш кылды. Кыргыз-орус фондунан алган 8 миллион 380 миң сомдук насыя дагы максатсыз чыгымдалууда. Ага сатып алынган вагондордун кыркы гана келиптир. Алар дагы тендердин талабына жооп бербейт. Бул боюнча ишкананын жоопту кишисинин колу коюлган иш кагаз менде бар. Андан тышкары, Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстанга 137 миллиондон ашык карызын кечиптир. Бул акча эмне бизге керек эмеспи? Алмазбек Ногойбаев өзүнүн кызына тиешелүү «Транс логистик» ишканасын өнүктүрүү менен алек болуп, ага «Кыргыз темир жолунун» жерине мейманкана куруп берген”,- деген.

Депутат Мирлан Бакиров да Алмаз Ногойбаев коррупцияга белчеден батканын айтып, арыз жазуусун сунуштаган.

Ушундай адамды премьер-министр мактады

Өкмөт башчы Сапар Исаков болсо ушундай адамды бүгүн мактады. Премьер-министр ЖКдагы оппозициялык фракциялардын жыйынына келип, отчет берди. Анда “Кыргыз Темир жолу” ишканасынын башчысы Алмаз Ногойбаев жөнүндө да суроо болгондо, ал аны: “Аксакал мага абдан таза иштеген адам болуп көрүнүп жатат. Ал өзү абдан профессионал, тармакты жакшы билген адам экен”,- деп коргоду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.