Жолдошбек БУЗУРМАНКУЛОВ: “Бек Борбиевди “Гиннес” китебине кийрүүнү сунуштайын деп атам…”

Жолдошбек БУЗУРМАНКУЛОВ: “Бек Борбиевди “Гиннес” китебине кийрүүнү сунуштайын деп атам…”

Кыргыз эли сыйлаган, сыймыктанган милициянын полковниги, белгилүү акын, жазуучу Жолдошбек Бузурманкулов агайыбыз азыр ардактуу эс алууда.  70 жашта. “Пенсияга чыктым, ооруп жаттым эле” деп жубайы Насбүбү Эгембердиева экөө жатып албай, дагы эле болсо көп иштерди жасап, жаркылдаган жакшы мүнөздөрү менен бизге үлгү болуп келет. Үлгүлүү үй-бүлөнүн куттуу үйүнө барып, ак дасторкондун үстүндө чыгармачылык боюнча маек курганбыз. Алгач үй ээси агайыбызга микрофон сундук.

— Агай, пенсияга чыккан жакшы бекен?

— Жакшы экен. Пенсияга чыкканы жыргап эле калдык. Баягыдай эртең менен эрте саат 7де туруп, “8те иште болуп калышым керек” деп жулунуп-улкунуп, чуркап, шашкан учур жок. Анын баары артта калды.

— Жаш кезде канбай калган уйкуну кандырып жатам деңизчи?

— (Күлүп) андай деле эмес. Мурда «эрте турушум керек, жумушка кечикпей барышым керек» деп эрте жатууга аракет кылчубуз. Ишти ойлоп, кечке маал болгон жакшы кинону көрө албай калчубуз. Азыр болсо, кемпирим экөөбүз түн бир оокумга чейин жактырган кинону көрөбүз. Кээде таң атканча көрүп калабыз, анда түшкү 12ге чейин уктайбыз.

— Эмне иш менен алек болуудасыз?

— Эми «пенсияга чыктым» деп эле чалкалап жатып алган жокпуз. Кемпирим өз иши менен, кол эмгек менен алек. Мен болсо коомдук иштерге аралашып жүрөм. “Шайыр апалар” аттуу жакшы долбоор бар экен, анда эксперттин мүчөсүмүн. Жаш акындардын ырлар жыйнагына редакторлук кылуудамын. Жаш акындардын ичинен өзүмө жакканы — Темирлан Сейитбек уулу. Ал ырларды жакшы жазат. Өзү мыкты болгондуктан аныкын көп оңдобойм, өзүнө берип иштетип коем. “Темир канат” деген китеби чыкты. Биздин да ырлар жыйнагыбыз китеп болуп чыгып жатат. Эжеңердин да китеби чыкты. Жалпысынан алганда, экөөбүздүкү биригип 9 китеп жарык көрдү. Эжеңердин 7-8 ырына обон жаралды. Мукамбет аттуу мыкты обончу жигит бар эле, көзү өтүп кетти. Ал “Коломтобуз өчпөсүн” деген эжеңердин ырына обон чыгарган. Ошол акыркы обону болуп калды окшойт. Бул ырды ырчы Жайнагүл Калчаева ырдап жүрөт.

-Өзүңүз жазган ырларды жатка билесизби?

— Ооба, өзүмдүн ырларымдын 80 пайызын жатка билем. 20 пайызын билбей калганымдын себеби обончулар “ыр жазып бере кал” деп сурап калат. Заказ ырларды жатка билбейм, унутуп коем.

— Ырды кайсы маалда жазуудасыз?

— “Бүгүн олтуруп алып эки ыр жазам”,- дегендин өзү халтура. Ыр деген эки түрдө жазылат. Биринчиси – жүрөктөн чыккан ыр. Ошон үчүн “жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп бекер айтылбайт да. Экинчиси – сөзгө сөздү зордоп алып келип чаптаган ыр. Бул мээден жаралган ыр болот. Андай ыр элге жугумсуз болот, өзүңө деле жакпайт. Негизи жүрөктөн чыккан ыр “карыбайт”, 50-60 жыл, дегеле муундан муунга кала берет.

— Сиздин калемден жаралган “Ильястын ыры” аттуу ыр да “карыган” жок да, алигүнчө ырдалып келет. Өзүңүз ырдайсызбы?

— Ооба, ырдайм. Ырыма обон салган Жекшен Тагаев (түптүк жигит) экөөбүз жакында эле сахнага чыктык. Ал аккордеон тартып берди, мен ушул ырды ырдадым. Эл жакшы кабыл алды. Эл деген жандуу үндү жактырат. Илгери комуз, аккордеондун коштоосунда жандуу үн менен ырчылар обон созчу. А азырчы? Азыр жаштар таптакыр эле оңой жолуна өтүп алды. 90-жылдардан берки чыккан ырчылар компьютер менен ырдап калды. Бир ырды компьютерге жаздырып алып, аны сахнага деле алып чыгат, тойго алып барып олчойгон акча алышат. Көрүүчү, угуучуну сыйламай деген жок. Мындайларды мен “чөнтөк ырчылар” дейт элем. Өзүнүн чөнтөгү үчүн эле жанталашып ырдап жатышат. Ал эле эмес бирөөнүн обонун уурдап алып, “меники” дешет. Өткөндө бир ырчы, аты-жөнүн унутуп койдум, илгерки казактын киносунда “Водовоз” деген ырдын обонун уурдап алып, ошону уялбай “меники” деп ырдап атат. Бул уят иш. Азыркы ырлар топон, саманга толуп кетти. Саман, топонго ылай аралашып, кодек болуп калды.

— Ырчылардан кимди жактырып, кимди жактырбайсыз?

— Сыймык Бейшекеевди жактырам. Ушул жерден бир эмгекчил ырчы боюнча ачуу чындыкты айтайын эми. 30 жылдан бери эстрада шоусунда ырдап, обон чыгарып келаткан Бек Борбиев бар го, ошону “Гиннес” китебине киргизип кой” деп сунуштап, Ысмайыл Кадыровго айтайын деп атам.

— Эмнеге?

— Себеби, ал 30 жылдан бери ырдап, обон чыгарып келатат. Бирок, анын обондуу ырларын өзүнөн башка бирөө да ырдабайт. Бир обончу ырдабайт. Бектин чыгармачылыкта эмгекчилдиги бар, бирок анын көзүн таппай келет, көзүн билбейт. Эми мен бул жерде Бек Борбиевге ичим тарыган жок, угармандарын сыйлабастыгын айткым келүүдө. “Жегениң шокалад, өзүңө жарашат” деген сыяктуу жеңил, болбогон ырларын кыргыз радиолору такай берет да. Анан “эмнеге анын ырлары такай радиодон кетет? Ушул жерде «иттин өлүгү жатат” деген ой кетет. Эми баягы “кызый-кызый кырманга кирип кетти” дегендей, чыгармачылыкка болгон мамиле боюнча чындыкты айтып салдым. Бирок, мен калыстыкты, акыйкатты айтууда эч кимден коркпойм. Себеби, мен эч кимден 1 тыйын карызга алган эмесмин. Атүгүл, бирөөнүн колунан бир кружка пиво да ичкен эмесмин. Чыгармачылыкка шалаакылык кылбаш керек!

— Ырларды тандоо үчүн көркөм кеңеш болуш керек да. Ал деле түзүлдү, бирок, ал иштеген жок…

— Түгөлбай Казаков маданият министри болуп турганда көркөм кеңеш түзүлгөн болчу. Аны да айрымдары туура эмес көрүп, “мыкты обончулардын жолун тороп жатат, кереги жок” деп чыгышкан. Ай, айланайын, мыкты обончунун жолун Кудай дагы торобойт, эгер ал чындап эле мыкты болсо… Түгөлбай бул жерде фарш кылып алып ырдап жаткан ырчылардын жолун тороп жатат, ошону тыйууда, чыгармачылыкты билген кишиге. Азыркы маданият министр да ушуну бир колго алса деген тилегим бар.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

2 thoughts on “Жолдошбек БУЗУРМАНКУЛОВ: “Бек Борбиевди “Гиннес” китебине кийрүүнү сунуштайын деп атам…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.