Абдил Сегизбаев кызматтан кеткени тууралуу үн катты

Абдил Сегизбаев кызматтан кеткени тууралуу үн катты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишисинин бири, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кеткени тууралуу «Дело №» гезитине айтып берген.

А.Сегизбаев ээлеген кызматынан кетүү чечими кокустан болбогонун мойнуна алган. “Бул ойлонулган, күтүлгөн эле иш болчу. Мен өзүмдүн басып-турганыма отчет бере алам. Андыктан кызматтан кетүү чечимиме өкүнбөйм. Мен УКМКны жетектеп турганда, өз милдетимди так аткардым. Ар бир кылган ишим үчүн отчет бердим. Биздин чиновниктер кызматка татыктуу келип, татыктуу кетүүнү үйрөнүү керек. Мен Кыргызстандан эч жакка кеткен жокмун, өз өлкөмдө элемин. Кызматтан кеткеним менен коомдук иштерден алыстабайм”,-деген ал.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчилигинен 7-апрелде, өз арызы менен кеткен.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Абдил Сегизбаев кызматтан кеткени тууралуу үн катты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.