Насбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Жүндөн энергия алам”

Насбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Жүндөн энергия алам”

КРнын Эл агартуусунун отличниги, КРнын Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КУУнун эмгек сиңирген кызматкери жана эмгек сиңирген ардагери, белгилүү акын Эгембердиева Насбүбү эжебиз эки уул, бир кыздын энеси, 11 небере, бир чөбөрөнүн чоң апасы. Ардактуу эс алууга чыкканы бала кездеги өнөрүн өркүндөтүүдө: саймачы, оймочу, куракчы. Колунан көөрү төгүлгөн уз эжебиздин өнөрүн өз көзүбүз менен көрөлү деп үйүнө барсак, жүн чоюп отуруптур. Дароо эле суроо узаттык.

— Эже, жүндөрдү кайдан аласыз, атайы айылдан алдырасызбы?

— Жок, шаардан эле, “Оймок” деген дүкөндө Руслан аттуу жигит бар, ошондон алам. Ал дүкөндө жүндүн 25 түрү бар. Ошол жерден каалаган түрдү тандап, сатып алам. Үйгө алып келип жасап, даяр болгондо рамкага салам. Рамканы Тилек деген жигиттен алам, анын чакан ишканасы бар. Ушул эки жигит менен иш алып баруудамын.

— Бир оюмду даярдоого канча убакыт кетет?

— Ар кандай, размерине жараша болот. Эгер кичине жасай турган болсом, анда ага эки күн кетет, чоңго бир жума кетет. Аны даярдоо техникасына учкай токтоло кетсем, алгач оюмду кагазга коюп чийип алам, анан кесип кездемеге түшүрөм, ийненин жардамы менен жүндү материалга сайгылап отуруп киргизем, тегиздеп-түздөп бүткөндөн кийин үтүктөп коем. Сонун болуп, көркүнө чыга келет. Ар бир оюм өзүнчө эле композиция. Кыргыздын салттуу оюмдары, курактары, саймалары ар бир кыргыздын үйүндө илинип турса, жаштарыбыз ушул көөнөрбөс өнөрүбүздү өркүндөтүп, улантып кетсе деген тилегим бар.

— Композиция деп калдыңыз, демек, ар бир оюмду атайсыз?

-Ооба, “Үйдүн куту”, “Эргүү”, “Жаз гүлү”, “Ат казык” деп атаган оюмдарым бар. Жасалгалоодо фантазия керек, ар бир оюм фантазияңа жараша түшөт. Муну уккан айрым адамдар: “Ойлоп чыккан оюмдарыңызды патенттенип коюңуз”,-дешти. “Оюмду патенттеген болбойт да”,-деп чочуп кетипмин.

— Бул өнөрдү колго алганыңызга канча жыл болду? Кайрадан кармоого эмне түрткү болду?

— Бул өнөрдү колго алып, аны менен алектенип жатканыма эки жылдын жүзү болду. Кайрадан кармоого Мээрим аттуу келин түрткү болгон. Ал экөөбүз ооруканада чогуу жатып калганбыз. Мен пенсияга чыкканда депрессияга тушуктум. Кыргыз Улуттук Университетте 45 жыл мугалим болуп эмгектенип, сый-урмат менен ден соолукка байланыштуу иштен кеткем. 45 жыл оңой эмес экен, ал кесипти сагынат экенсиң. Көзүмө университет элестеп туруп алды. Студенттерге сабак берүүмдү эстеп, көзүмө жаш тегеренип, ыйлагым келип, бук болуп жүрдүм. Уйку качып, көңүл чөктү. Депрессия ооруканага жетелейт экен, жатып калып, невропатологго көрүнүп жүрдүм. Бир палатада Мээрим аттуу келин менен жаттым. Тамчылатма сууда (капельница) көп жаттым. “Канчалык көп алсаңыз, ошончолук жүрөгүңүзгө жакшы” десе эле ала бердим. Эртеден кечке көңүлүм чөгүп жатканымды көргөн Мээрим: “Эже, мен сизди депрессиядан чыгарам, андан чыгуунун жолун үйрөтөм”,- деп калды. Анан бир күнү жүн, ийне алып келиптир. “Эже карап туруңуз”-деп үстөл сүрткөн сүлгүнүн үстүнө жүндү коюп, жалбырактуу гүл жасап, аны үтүктөдү. Сонун гүл болуп калса болбойбу. Кичинекей эле техникасын көрсөтүп койду эле, баягы бала кездеги кол өнөрчүлүгүм эске түшүп, кызыгуу пайда болду. Ошондон баштап колго алып, депрессиядан чыгып кеттим. Мээримге ыраазымын, аны менен азыркыга чейин катташабыз. Бул өнөр ооруганды унуттурат. Таң аткандан баштасаң күндүн кантип батканын билбей каласың. Көнүп алдым, колум кыймылдап турбаса болбойт. Жүндөн энергия алам. Жүн менин эрмегим, ал оору, кайгы-капаны унуттурат.

— Кыз, келин, неберелериңизге үйрөтүп жатасызбы?

— Ооба, аракет кылуудамын. Бир жолу кызыккан небере кызыма жүндөн гүл жасоону көрсөтүп, оюм чийип берип койсом, ийне менен жүндү сайгылап отурду. Анда 8 жашта болчу, азыр 10 жашта. Келин, небере, курбу, тааныштарга жасап алып, майрамдарда, туулган күндөрүндө белек кылуудамын. Келиним, орун басарым Перизатка аппак жүндөн оюм жасап, “өмүр бою ушундай жумшак, аппак, таза бойдон калуусун каалайм” деген аруу тилек менен белек кылгам. Келиним КУУнун юридика факультетинин окутуучусу. Перизатка арнап мындай деп ыр жазгам:

Каухардай суктандырат сенин затың,

Кагылайын, келиним Перизатым.

Келин эмес, кызымдай камың көрүп,

Кыска өмүрдү кыйлага сен узарттың!

 Бастырбай алып өтүп ала жерден,

Кудагый тарбиялап мага берген.

Мүңкүрөп үй-бүлөбүз турган чакта,

Өзүңсүң бакыт-таалай ала келген.

Өмүрдүн нечен кырын ашаар жансың,

Кымбатым, кылым ашып жашаар жансың.

Суктантып, биздин тууган, жолдошторду,

Сен менин орунумду басаар жансың!

Каалаган тилегиңди Кудай берсин,

Жараткан өмүрүңдү улай берсин.

Эркелеп, эми дагы кыздар-балдар,

Эрика, Аминанын улай келсин!

Бакыйган Байтигиң бар өмүрлөшүң,

Азыр сен басчу жолдун өрүндөсүң.

Кармашкан колдоруңар жазылбасын,

Ошондо экөөң өмүр төрүндөсүң!

Апама арнаган армандуу ырым бар. Алтын апам 12 бала төрөп, алтоосун жерге берип, оорудан көзү ачылбай, 47 жашында 6 баласын чырылдатып (1964-жылы) кете берди. Армандуу ырымдын бир куплетин айта кетейин:

Баарыбызды жаш көчөттөй өстүрүп,

Кете бердиң эч нерсени көрбөстөн.

Аттангыла чоң турмушка эми — деп,

Бата берип өз колуңдан бөлбөстөн.

Күйөө бала, келиндерден чай ичип,

Тура турсаң болот эле өлбөстөн.

Эне эмгеги, эне сүттүн акысы,

Кала берди балдарыңдан өнбөстөн…

— Кол өнөрчүлүк апаңыздан өткөн өнөр го?

— Бул өнөр апамдан өткөн касиет. (Күлүп) Мен 5-класста окуп жүргөндө эле “тикмечи, саймачы, оймочу кыз” болуп атыккам. Апамдын колу жөндөмдүү болчу. Кураган курактары кудум табият гүлдөрүндөй таасир берчү. Ар бир жаңы жасаган оймо-саймалары мени сүйлөшүүгө чакыргандай сезилчү. Шырдак, ала кийизге оюм салчу. Апама илешип жүрүп, болгон өнөрүн 5-класста үйрөнүп алгам. Аны көргөн апам: “Кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” деп калаар эле. Апам ооруп ооруканага көп жатты. Бир нерсени баштап жатып калчу. Мисалы, оюмду салып баштаса, аягын мен бүтүрүп койчумун. Сайма сайып же курак баштап калып калса, күндөп-түндөп болсо да бүтүрүп коер элем. Ооруканадан келгенде бүткөн ишти көрүп сүйүнүп калсын дечүмүн. Апама кубаныч тартуулагым келчү. Туш кийиз сайчумун, кийим тикчүмүн. Ал учурда окуу форма жокко эсе эле. Кинодон окуучу кыздардын кийимин көрүп алып сиңдими тигип берчүмүн. Атам Талас шаарына баратканда дайыма кездеме заказ кылып, алдырчумун. Ошол кездемеден 6 жаштагы иниме кийим-кече тигип берээр элем. Кемпирлерге белдемчи, күрмөсүн тикчүмүн. Аны билип калган айылдагылар “тикмечи, курак курагыч, саймачы кызыбыз” деп калышчу. Тамак-аштын баарын кылчумун. Уй саачумун. Иш менен кошо сабакты ала кетчүмүн. Суу алып келатып колума китеп кармап же камыр жайып атканда китепти маңдайыма коюп алып окучумун. Кыскасы, баарына жетишчүмүн. Азыркылар антпейт го. Турмушка чыкканда деле жокчулук, барчылыкты көтөрүп жашадык. Жетишпеген күндөр болду. Жоктон бар кылып жиберчүмүн. Айылдан чогулган жыртышты алдырып, диван, стол, стулдарга жапкычтарды тигип, аны оймолоп-чиймелеп, кооздоп жасачумун. Ошол нерселер азыр да ойгонуп, оймо-чийме менен отурам.

Заказ бергендер барбы?

— “Супара” этнокомплексинин жетекчиси Жаңыл Турганбаева үчтү заказ кылып алып кеткен. Андан кийин экөөнү Казакстандан келген делегациялар алышты, бул белекти аларга Медициналык борбор тапшырышты.

— Баасын кандай чыгарып жатасыз, бирөө канча турат?

— Кеткен чыгымымды эсептейм, анын үстүнө кол эмгегимди кошом. Жүн кымбат. Кол эмгегимди арзанга эле баалайм. Жаңылга жасаган эки чоң оюмдар 5 миңден, кичиреги 4 миңден бааланды, жалпысынан 14 миң сом болду. Акчаны аларыбыз менен байкең экөөбүз дароо дары-дармек алабыз. Ошентип өзүбүздү өзүбүз каржылап жатабыз. Пенсия аз, ал эч нерсеге жетпейт.

-Бүгүн жолдошуңуздун майрамы эмеспи. Оюмдан белек кылдыңызбы?

— Учурдан пайдаланып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүргөн өмүрлүк жарымды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Бүгүн ИИМдин Басма сөз кызматына 34 жыл болуптур. Басма сөз кызматында жолдошум көп жыл эмгектенди, аны журналисттер силер жакшы билесиңер. Басма сөз кызматы уюштурулгандан баштап милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов ардактуу эс алууга кеткенге чейин ушул кызматта ийгиликтүү иштеп, көп балдарды-шакирттерди даярдаган. Ошол кездеги жетекчи Жолдошбек Бузурманкуловду жана азыр иштеп жаткан басма сөз кызматкерлерин майрамы менен куттуктайм! Жоопкерчиликтүү ишиңерди дайыма ийгилик коштосун!

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.