Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Өрттөн жабыркагандар бүгүн жалпы жыйынга катышат»

Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Өрттөн жабыркагандар бүгүн жалпы жыйынга катышат»

Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кечээ ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков өрттөн жабыркаган “Берекет” базарынын реализаторлорун кайрадан кабыл алып, алардын сунуш-талаптарын угуп, бул көйгөйлүү маселе бүгүн парламентте көтөрүлүп, талкуу болорун айткан. Талкууну жеринде угуп, көрүү үчүн жабыркагандардын өкүлдөрүн катышуусуна уруксат берген.  

“Тийиштүү мекеме жетекчилерине билдирем”

Реализаторлор менен жолугушуу учурунда төрага Дастан Жумабеков: “Биздин максат өрттүн кесепетин жоюу менен жабыркаган жарандарды тез арада жумуш менен камсыздоо болуп эсептелет. Андыктан, баарыбыз болгон аракетибизди жумшап, сиздердин көйгөйдү чечүүгө далалат кылуудабыз. Жакынкы аралыкта Жалал-Абаддагы жана  Ош базарындагы катталган өрт кырсыктары боюнча 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынына тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүн чакырдык. Алардын катышуусу менен ачык-айкын талкуу болот. Мен сиздер тараптан айтылган ар бир сунуш-пикирди жыйында көтөрүп, тийиштүү мекеме жетекчилерине билдирем. Менин колумда насыя алган ишкерлердин алдын-ала берилген тизмеси турат. Бул маселе боюнча да Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип зарыл болгон иштерди жүргүзөбүз”,– деген.

Жабырлануучулардын талаптары

Жолугушууга келгендер жумуш орундарын калыбына келтирүү менен күйгөн товарларына компенсация чегерүү жана алган насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү сыяктуу бир катар талаптарын коюшуп, убактылуу иштеп тургандай жай менен камсыздап берүүнү төрагадан өтүнүшкөн.

Базарда 26 жылдан бери иштеп келе жаткан Бурулкан Абдраманова айтылган суранычтар жалпы “Берекет” базарындагы өрт кырсыгында жабыркагандардын талабы экенин белгилеп, алардын башкы сунушу тез арада жумушчу орундарын камсыздоо менен алган насыяларына жеңилдик берүү болуп жатканын айткан.

Ал эми дагы бир ишкер Гүлсара Боромбаева өрт кырсыгы өтө оор кесепеттерди алып келгенине токтолуп, жабыркагандардын көбү жалгыз бой энелер, карылар жана жаштар экенин билдирген.

Эскерте кетсек

13-апрелге караган түнү «Ош» базарынын аймагында катталган ири өрт кырсыгынан “Берекет” базары жабыркаган. Бул аталган базардын аймагында катталган жыл башынан берки үчүнчү өрт болуп эсептелет. Бул боюнча мэр Албек Ибраимов “базарды шаардын четине көчүрөбүз”,- десе, премьер-министр Сапар Исаков базар ордунда эле калаарын, аны кимдир бирөө атайын өрттөп жатканын баса белгилеген эле. Мына ушул айтылган сөздүн баары бүгүн кайрадан парламентте жаңырып, катуу талкуу болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.