30 премьерлүү болуп, 31-премьер-министрди күтүүдөбүз…

30 премьерлүү болуп, 31-премьер-министрди күтүүдөбүз…

Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери 30 Өкмөт башчылуу болуппуз. Өзгөчө мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинде бир жылда эле аябай орун алмашуулар болуптур. Алардын ичинен 2 күн, 5 күн болуп кеткен премьерлер да бар экен. Аларды төмөнкү тизмеден караңыз.

  1. Жумагулов Апас Жумагулович (1991-жж.)
  2. Исанов Насирдин (1991-ж 21- январдан 29-ноябрга чейин)
  3. Иордан Андрей (1991-1992 –ж.ж. премьер-министрдин милдетин аткарган)
  4. Чынгышев Турсунбек (1992 -1993-ж.ж)
  5. Матубраимов Алманбет (1993 –ж. премьер-министрдин милдетин аткарган)
  6. Жумагулов Апас (1993 –1998-жж.)
  7. Жумалиев Кубанычбек (1998-ж 14-марттан 23-декабрга чейин)
  8. Силаев Борис (1998-ж 23-25-декабрга чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  9. Ибраимов Жумабек (1998-1999-жж)
  10. Силаев Борис (1999 –жылы)
  11. Муралиев Амангелди (1999-жылдын 12-21-апрелге чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  12. Курманбек Бакиев (1999- 2000-жж)
  13. Танаев Николай (2000 – 2002-жж)
  14. Бакиев Курманбек (2002 – 2005-жж)
  15. Кулов Феликс (2005 –2006 – жж)
  16. Исабеков Азим (2006 -2007-жж)
  17. Атамбаев Алмазбек (2007-ж 29-мартка чейин)
  18. Айдаралиев Искендербек (2007-жылы 29-ноябрдан 24-декабрга чейин)
  19. Чудинов Игорь (2007 –2009-жж)
  20. Үсөнов Данияр (2009-2010-жж)
  21. Отунбаева Роза (2010-жылдын 7-апрелинен 17-декабрга чейин Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болгон)
  22. Алмазбек Атамбаев (2010 – 2011-жж)
  23. Бабанов Өмүрбек (2011-жылдын 4 сентябрынан 14-ноябрга чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  24. Бабанов Өмүрбек (2011-2012-жж)
  25. Карашев Аалы (2012–жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  26. Сатыбалдиев Жантөрө (2012-2014-жж)
  27. Оторбаев Жоомарт(2014 – 2015-жж)
  28. Сариев Темир (2015-2016-жж)
  29. Жээнбеков Сооронбай (2016-жылдын13-апрелинен 2017-жылдын 22-августка чейин)
  30. Сапар Исаков (2017-2018-жж).

Мына ушундай, окурман! 31-премьер-министрдин аттары атала баштады, алар: Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Иса Өмүркулов, Мухамбеткалый Абулгазиев. Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин аппарат башчысы М.Абулгазиевдин талапкерлигин колдоп жатышканын депутат Кожобек Рыспаев буга чейин журналисттерге билдирген. М.Абулгазиевдин аппарат башчы болгонуна үч эле күн болгон.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен парламент Өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, токтом кабыл алып, президентке жөнөтүшкөн. Президент ал токтомго кол койду. Ошентип, “жаңы премьер-министр ким болот?” деп баарыбыз күтүп турган чагыбыз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.