Албек ИБРАИМОВ: “Галстугу жок, эски кийимдерди кийип, сакалчан эл аралайм”

Албек ИБРАИМОВ: “Галстугу жок, эски кийимдерди кийип, сакалчан эл аралайм”

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Ош базарына” барып, «Берекеттеги» өрттөн жабыркагандар менен жолукту. Ал соодагерлердин банктарга болгон карыздары боюнча маселерге жардам бере тургандыгын, ижарачыларга мэриянын фондунан компенсация төлөнө тургандыгын билдирди. Андан тышкары, кандай кийинип элди аралаганын айтты: “Мени эч ким тааныбашы үчүн дубанага окшоп, эски кийимдерди кийип алып эл аралайм. Мен сакалчан, галстугу жок барып, иштин кандай аткарылып жаткандыгын карайм. Андыктан эч нерседен менин кабарым жок экен деп ойлобогула!”,-деди мэр.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.