Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: “Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок”

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: “Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок”

“Сөзсүз окуп койгула! Соңку кездеги биздин жашоодогу бир чындыктар” деген тема менен төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жазганы Фейсбукка чыкты. Ал төмөндөгүдөй:

Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын — сабырыбыз төмөндөп барат.

Жолдорубуз кеңейген сайын — көз караштарыбыз тарып баратат.

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.
Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат.

Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.
Медицина өнүккөн сайын ден соолугубуз начарлап барат.

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

Дааватчылар, молдолор көбөйдү бирок адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

Мына ушундай…

МҮМКҮН УШУЛ КУНДӨН БАШТАП ӨЗҮБҮЗДҮ КАЙРА КАРАШТЫРЫП КӨРӨРБҮЗ…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.