Сапар ИСАКОВ: “Мага сөз бербей койгондору менен өздөрүнүн аброюн түшүрүп алышты”

Сапар ИСАКОВ: “Мага сөз бербей койгондору менен өздөрүнүн аброюн түшүрүп алышты”

Бүгүн кызматынан кол жууган, учурда премьер-министрдин милдетин аткарып калган Сапар Исаков “Апрель” телеканалына келип, кыргыз, орус тилдеринде маек берип жатат. Журналисттердин алгачкы эле суроосу бул болду.

— Сапар Жумакадырович, маанайыңыз кандай? Бүгүн парламент сизге акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Алардын алдында эмне айтайын дедиңиз эле?

— (Күлүп) Маанай жакшы. Эми мен болгонун болгондой эле айтып берейин дегем. Албетте, менин жумушумда каталар да болду. Ошондой көп маселелерди ачык-айкын айтып берейин дегем. Тилекке каршы, андайга шарт түзүп беришкен жок, атүгүл мүмкүнчүлүк беришкен жок. Демократиялык мамлекетте премьер-министрге акыркы сөз берип, анан кетиришет. Андай болгон жок. Муну менен алар өздөрүнүн аброюн түшүрүп койду. Мен ойлойм, чындыктын баары бара-бара чыгат, эч качан орусча айтканда, «тайна» болуп калбайт. Парламентте көп маселелер көтөрүлүп, бир топ нерселер айтылды, мисалы, “Лиглас”, “Мегаком”, ЖЭБ жана дагы бир топ маселелер боюнча депутаттар доомат айтышкан. Мен деле көп нерсени скандал кылбай жүрдүм. Дагы эле болсо суроолор болот го, ачык-айкын жооп берүүгө даярмын.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.