Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаевди аялдар сабап кетиптир..

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаевди аялдар сабап кетиптир..

Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты. Маалыматка караганда, 78 жаштагы КРнын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев (Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы) 11-апрелде республикалык оорукананын нейротравма бөлүмүнө башынан травма алып түшкөн. Жабыркаган актерду Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдынан эки аял сабап кеткен.

Андагы окуя боюнча актердун аялы Жыпаркүл Турсунбаева мындай деген: “Дал ошол күнү репетицияга барган, “Күйөө бала” спектаклинде башкы ролду ойномок. Мен спектакль башталаарда бармакмын, болбосо дайыма эле мен узатчумун. Бирок, жолдошум репетицияга жалгыз барат. Ошол күнү чак түштө, саат 13:00до Бүбайша Арстанбекова эки аял менен келип, менин жолдошумду сабап кеткен. Эч себеби жок эле капыстан сабалып жаткан жолдошумду бир студент бала көрүп калып, арачага түшүп, сактап калган. Бул окуя боюнча биз милицияга арыз жаздык, азыр териштирилүүдө. Бул кылганы үчүн Бүбайша Арстанбекова мыйзам боюнча жооп бериши керек!”

Бүбайша Арстанбекованын айтымында…

Бүбайша Арстанбекова ага карата айтылган сөздү четке кагып, мындай деген:

Бул калп, жалган жалаа. Мен эч качан, эч кимге кол көтөргөн эмесмин. Чын-чынына келгенде, ал биринчи мага кол көтөрдү, анын колунда бычак бар болчу. Бул кезектеги алардын “үй-бүлөлүк бизнеси”. Себеби алар ар ким менен соттошуп, утуп алууну көздөп көнүп калышкан”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.