Кенжебек БОКОЕВ: “Өзүбүздүн дыйкандарга суу сатканыбыз адилетсиздик!”

Кенжебек БОКОЕВ: “Өзүбүздүн дыйкандарга суу сатканыбыз адилетсиздик!”

Өткөн жумада жаңы шайланган Өкмөткө ар бир фракция, ар бир депутат сунуш киргизди. “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да суу ресурстары боюнча жакшы сунуш киргизип, ал боюнча акыйкатты айтты.

“Кыргызстан — Орто Азия боюнча суунун запасы эң көп өлкө болуп эсептелет. Ошондуктан суу ресурсун туура пайдаланып, экономикалык жактан пайда келтирүүчү товар катары колдонсок. Өкмөт жакынкы күндөрү кошуна мамлекеттер үчүн сууну сатабыз деп жарыя кылса туура болмок. Өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алууда, бул адилетсиздик! Өзүбүздүн сууну өзүбүздүн элге сатып, кошуна мамлекеттер үчүн бекер берүүдөбүз, бул туура эмес. Кошуна мамлекеттер үчүн бекер агып жаткан сууну товар катары колдонуп, сатуу керек! Андан тышкары, дагы бир айта кетчү маселе бул — 2018 жылдан баштап билим берүүгө кеткен чыгымдар. Бардык билим берүүчү мекемелердин ремонтуна, электр энергия, тамак аш, кышкы жылуулукка кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен төлөнүшү керек!”,-дейт эл өкүлү К.Бокоев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.