Мамлекеттик карыз 4, 4 миллиард доллар болуптур

Мамлекеттик карыз 4, 4 миллиард доллар болуптур

Өкмөт мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң продукциянын 70% ашырбоо максатында Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Мындан тышкары, бюджеттин таңкыстыгы ИДПнын 3% жогору болбошу керек. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Учурда Бюджет кодексине киргизилген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.

2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз 4, 4 миллиард долларды түзгөн. Бул ИДПнын 55,7% барабар. Алардын ичинен тышкы карыз – 3,8 миллиард доллар.

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар бересе. Бул тышкы карыздын 44% түзөт.

2018-жылдын январь-март айларында өкмөт мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2,4 миллиард сом жумшаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.