Эртең 15-генпрокурор болуп Өткүрбек Жамшитов келет. Буга чейинкилердин тизмеси

Эртең 15-генпрокурор болуп Өткүрбек Жамшитов келет. Буга чейинкилердин тизмеси

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештеги  коалициялык көпчүлүктүн жыйынында каралды.

Президенттин сунушу окулду…

Жыйында президенттин сунуштамасын президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев окуп берди. Анда мындай деп жазылган: “Өткүрбек Жамшитов юстициянын 1-класстагы кеңешчиси. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы жана прокуратура органдарында үзүрлүү, кынтыксыз өтөгөн кызматы үчүн бир канча жолу мекеменин жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Ээлеген кызматтарында өзүн квалификациялуу, сапаттуу жетекчи катары көрсөтө алды. Прокуратура органдарына зарыл болгон кесиптик жана моралдык сапаттары бар. Өткүрбек Жамшитов жетекчилик сапаттарга ээ жана аны өз ишинде натыйжалуу колдоно алат деп эсептейм.

Башкы прокурордун айлыгы…

Депутаттар тарабынан суроолор берилди, башкы прокуратура боюнча көп нааразычылыктар айтылды.  «Прокурорлор өтө кымбат унаа минип жүргөнү коррупциядан ачык кабар берет» деген депутаттар да болду. Башкы прокурордун айлыгы жөнүндө сураганда, 30 миң сомдой айлык алаары айтылды.

Өткүрбек ЖАМШИТОВ: “Колдоп берсеңиздер, жаңыча иш жүрөт”

Жыйындын аягында Жамшитов коррупция менен күрөшөрүн, кылмыш иштерин аягына чыгарын, жаңыча иш жүрөрү боюнча убада берди. Ошентип, депутаттар чуру-чуу болгону менен аягында анын талапкерлигин жактырды. Атүгүл аты-жөнү ызы-чуулуу иштерге аралашпаганын жана жаш курагы туура келээрин баса белгилеп, макташты. Талапкер 42 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

Эртең талапкер жалпы жыйында каралат

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 11-апрелде парламент өлкө башчысынын көрсөтмөсү менен кызматтан кетирген. Бүгүн болсо жаңы башкы прокурордун талапкерлигин көпчүлүк каолиция колдоду. Эртең Ө.Жамшитовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.  Бир эле кишинин талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандан кийин, анын үстүнө президент сунуштап жатса ЖК кантип колдобосун? Колдойт. Ошентип, эртең 15-башпрокурорлуу болобуз!

Прокурорлордун тизмеси

Буга чейин 14 прокурор болуптур. Буга чейинки прокурорлордун тизмесин бул ШИЛТЕМЕден караңыз!

Эрзат МЫРЗА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.