Бүгүнкү шайлоодо бир бюллетень ашык чыгып,”чыр” чыкты (ВИДЕО)

Бүгүнкү шайлоодо бир бюллетень ашык чыгып,”чыр” чыкты (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин башчылыгына эки депутаттын (“Ата Мекен” фракциясынан Н.Никитенко менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Т.Шайназаровдун) талапкерлиги коюлуп, аягында комитеттин төрайымы болуп Наталья Никитенко шайланды. Шайлоо бюллетень аркылуу жабык добуш берүү менен өтүп, 76 депутат Н. Никитенкону, 37 депутат Т.Шайназаровду колдоду. Ал эми Бюджет жана финансы комитетинин башчылыгына Зиядин Жамалдинов менен Эмил Токтошев көрсөтүлүп, Токтошев 66, Жамалдинов 50 добуш алды.

Ушул шайлоодо бир бюллетень ашык чыгып, талаш-тартышты жаратты.  Ал төмөнкү ВИДЕОдо.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.