Шаардык депутаттар Албек Ибраимовдун отчетун жактырган жок

Шаардык депутаттар Албек Ибраимовдун отчетун жактырган жок

Бүгүн эртең менен Бишкек шаардык кеңешинин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары мэр Албек Ибраимовду чакырып, анын орун басарларын залдан чыгарып, анын отчетун угушту. Буга нааразы болгон мэр мыйзамда жана регламентте «фракцияга отчет берүү» жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айтып, алардын алдында отчет берди. Ал мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын баса белгиледи. Депутаттар жол оңдоо начар жүргөнүн, шаарда жерлер сатылып кеткенин, өзгөчө Ош базарындагы өрт кайра-кайра кайталанганын, аны мэрия алдын албай калганын, эч ким жоопко тартылбай жатканын жүйө келтиришип, анын ишин начар деп баалашты. Албек Ибраимов Ош базарындагы өрт боюнча комиссия иштеп жатканын, ал боюнча чара көрөөрүн убада кылды. Ошентсе да депутаттар мэрдин отчетун «канааттандыраарлык эмес» деп таап, анын отчету боюнча маселени Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына алып чыкмай болушту.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Аталган кеңеште 45 депутаттан турган 5 фракция бар. КСДПга 13, «Республика-Ата-Журтка» 12, «Өнүгүү-Прогресске» 8, «Мекеним Кыргызстанга» 7, «Кыргызстан» фракциясына 5 мандат берилген.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.