Албек ИБРАИМОВ: “Атамбаевдин командасында экенимди танбайм”

Албек ИБРАИМОВ: “Атамбаевдин командасында экенимди танбайм”

Деп мэр Албек Ибраимов бүгүн журналисттерге билдирген. Кызматтан кетүүсү боюнча суроого ал: «Мени шаардык кеңеш 4 жылга шайлаган, андыктан мөөнөтүм бүткөнчө иштейм. Мындай имиштер элди “Атамбаевдин кадрларын тазалап жатат” деген ойго түртүп жатат.  Мен Атамбаевдин командасында экенимди эч качан жашырган эмесмин жана аны танбайм! (мэр мурдагы жылы «Атамбаевди бир тууганымдай көрөм, мага аябай жардам берген»,-деген. Атамбаев болсо былтыр аны «Даңк! ордени менен сыйлаган- авт.)”,-деп жооп берген.

Кечээ Бишкек шаардык кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары Албек Ибраимовдун отчетун уккан. Ал боюнча маалыматты бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.