Жанар АКАЕВ: “КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок”

Жанар АКАЕВ: “КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок”

“Илим Карыпбеков КТРКнын башчылыгынан кетти” деген тема менен “Чындык” сайты жазган. Ага дароо эле Илим Карыпбеков: “Достор, бул “Чындык” сайты калпты чындыктай кылып жогорку деңгээлде жазган сайт экен. Эч жакка кетпей эле отурам. Жанар иним, Нурлан байкем жана Галина эжеке дагы бираз чыдай туруусун суранам. Бул макалада бир эле чындык бар экен — бир саат мурда жумушумдан үйгө кеткем. Азыр чай ичип, палоо жеп аттым эле үйдө”,- деп Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарган.

Илим Карыпбековдун мындай сөзүнөн кийин депутат Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына: “Урматтуу Илим Карыпбеков ага, мен КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок экенин так кесе айтып койгум келет. Мен парламенттик ишмердигимди улантып, Кудай буюрса, келерки шайлоого да мыкты команда менен ат салышуу ниетим бар экенин жашырбайм. Мен сиздин менеджерлик сапатыңызды жогору баалайм жана ишиңизге ийгилик гана каалайм. Ушак-айың кептерге кулак салбайсыз деп ишенем. Урматым менен Жанар иниңиз”,- деп жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.