Албек Ибраимов төрөтканага эмнеге барды?

Албек Ибраимов төрөтканага эмнеге барды?
Сүрөт «Азаттыктан» алынды

Бүгүн Бишкекте шаардын 140 жылдыгы белгиленүүдө. Андагы иш-чараларга катышкан мэр Албек Ибраимов шаардын тургундарын куттуктап, андан ары Бишкектеги №1 төрөтканага барыптыр. Анда жаңы эле көз жарган энелерди куттуктап, аларга белек-бечкек бергени тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Албек ИБРАИМОВ: “Баардыгыбызды жүрөгүнө батырган Бишкек сүйүктүү шаарыбыз боло берет”

Бүгүнкү иш-чарадагы мэрдин куттуктоосу: “Бишкек шаарынын 140 жылдык маараке күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Баарыбыз үчүн өзгөчө шаар болуп саналган Бишкегибиз өлкөбүздүн борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү. Биз үчүн баардыгыбызды жүрөгүнө батырган, өнүгүп өсүүгө демилге берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга кубаттаган, жаркын келечекке үндөгөн, сүйүктүү шаарыбыз боло берет.

Бүгүнкү күндөгү жигердүү жүрүп жаткан иш-чаралар Бишкек шаарынын келечекте өнүгүп өсүүсүнө негиз болуп берсин деп жапа тырмак аракет кылуудабыз. Борборубуздагы жигердүү иш-чараларга, ийгиликтүү жыйынтыктарга шаардыктардын салмактуу салымы, орчундуу эмгеги бар.

Бир миллиондон ашык калкы бар Бишкекте жашаган урматтуу ардагерлерибиздин, билимдүү жана аракетчил жаштарыбыздын, мээнеткеч ага-эжелердин өбөлгө демилгелерин, чоң салымын өзгөчө белгилеп кетишибиз керек.

140 жылдык мааракесине келген шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө ар тармактуу өндүрүштө жана калкка кызмат көрсөтүү багыттарында иштеген, шаарыбызды көрктөндүргөн, жаштарды билимге сугарган, келечек ээлерин татыктуу тарбиялаган мээнеткеч шаардыктардын эмгегине чон ыраазычылык билдирип, ыракматыбызды айтабыз.

Кыргыз Республикасынын борбору — эртең жана келечекте заманбап технологиялардын бүт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган, өнүккөн, кооз, жашыл, уникалдуу, ыңгайлуу, коопсуз жайлардан болуп, шаар тургундарына тийиштүү шарттар түзүлгөн, жаштарыбыздын сүйүктүү борбору болушу үчүн билимибизди, аракет күчүбүздү, демилге кубатыбызды жумшайбыз. Туулган күнүң менен сүйүктүү борборубуз Бишкек шаары!”,-дейт мэр.

Урматтуу шаардыктар, «Алакан» сайтынын эмгек жамааты сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайт! Жашоодо эки нерсе кымбат: өмүр, көңүл. Жашооңуздун өмүрү соолубасын, көңүлүңүз, жан дүйнөңүз эч качан оорубасын!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.