Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Белизгейт” боюнча Сегизбаев менен Жолдубаева жоопко тартылсын!”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Белизгейт” боюнча Сегизбаев менен Жолдубаева жоопко тартылсын!”

Аптанын жума күнүндө «Ата Мекен» фракциясы УКМК мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаеванын чуулгандуу «Белизгейт» иши боюнча жоопкерчилигин кароону талап кылып, жаңы келген (УКМК менен Башкы прокуратуранын) жетекчилерине кайрылды.

Абдил Сегизбаев президентке жагынам деп парламентте Белизден үч трасстык документ келди деп билдирүү жасаган. Анда биздин «Ата Мекен» фракциясынын үч мүчөсү «Мегакомдун» 24 пайыз үлүшүн алышкан экен деп айыптаган. Буга КТРКны тартып, атайын репортаж даярдап, ырасталбаган, жасалма документтердин негизинде жалган жалаа жана карандай каралоо жүргүзүп, укмуштай бир чоң саясий авантюрага барышкан. Абдил Сегизбаев башкы прокурор экөө биригип алып, мына ошол документтерди жасатып, аны кайра пайдаланып жатпайбы. Биз болсо Лондондон атайын адвокат жалдап, ал Белизге расмий кайрылуу жасап, анын негизинде биздин наамыбызда трасстык документтер жок экенин ырастап бергенбиз”,-дейт депутат А.Шыкмаматов.

Абдил СЕГИЗБАЕВ: «Өзүмдүн президентиме айтпасам, анда мен чыккынчылык кылбаймынбы»

Мурунку УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев «Белизгейт» боюнча мындай деп Жогорку Кеңеште айткан эле:

Андан тышкары, “Ата Мекен” фракциясы КТРК жетекчилигин жасалма документтердин негизинде даярдалган маалыматтарды төгүндөө талабын койду. Бул боюнча КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ал мыйзамдуу болгонун, аны соттун чечими менен гана төгүндөөрүн “Азаттыкка” айтып чыкты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.