Аида Салянованын соту Жогорку Сотто 3-майда болот

Аида Салянованын соту Жогорку Сотто 3-майда болот

Экс-депутат Аида Салянованын соттук териштирүү иши Жогорку Сотто 3-майда каралат. Буга чейин Бишкектеги райондук жана шаардык соттору туура эмес айып тагып, бир жактуу гана чечим чыгарышкан. Ошонун негизинде БШК шашылыш түрдө Аида Жеңишбековнаны мандатынан ажыраткан. А. Салянова мындай чечимди четке кагып, “саясий буйрутма” деп эсептеп келген.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып менен Бишкектеги Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Мындай чечимди Жогорку Сот жокко чыгарат деген үмүттөбүз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.