Актанам десең Атамбаевдин “Апрелине” бар!

Актанам десең Атамбаевдин “Апрелине” бар!

Ушул жылдын апрель айынан бери “Апрель” телеканалы пайда болуп, ал жакка жалаң экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдары барып, үч сааттан ашык маек беришүүдө. Алсак, экс-премьер-министр Сапар Исаков, мэр Албек Ибраимов барып, аябай “актанышты”. Эмки кезек Илим Карыпбековдобу?

Атамбаевдики экени тастыкталды

Буга чейин «Алмаз Атамбаевдики эмес» деп келишкен. Аныкы экени документ жүзүндө тастыкталды. Бул телеканалдын эки учредители бар экен: КСДПнын жетекчиси Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” коомдук фонду. ОсОО болуп 2018-жылдын 24-апрелинде катталган. Жайгашкан дареги: 7-Апрель көчөсү, 4, Б корпусу.

Атамбаевдин бөлгөн акчасы…

Аталган телеканалдын гендиректору Дмитрий Ложников. Коомдук ишмер Адил Турдукулов бу телевидениеге Атамбаев канча акча бөлөрүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты: “Бир айда Атамбаевдин ТВсына 4 млндун тегерегинде сом кетет. Бул болгону “белая” сумма. Салыкка болгону 920 сом гана төлөнгөн.
Ал эми киреше салыгы боюнча апрелде 450 миң сом бюджетке которулган”.

Мына караңыз, журналисттерге бир айда эле 4 млн сом бөлүнөт экен. Демек, А.Атамбаев 6 жылда аябай эле байып, элдин эмес, өз жашоосун оңдоп, акчаны “солдоп” кеткенби?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.