Жыпар ЖЕКШЕЕВ: “КТРКнын жетекчисин Жогорку Кеңеш, президент кетире албайт”

Жыпар ЖЕКШЕЕВ: “КТРКнын жетекчисин Жогорку Кеңеш, президент кетире албайт”

2015-жылы КТРКнын Байкоочу кеңеши КТРКнын жетекчилигине Илим Карыпбековду шайлаган. Үч жыл ичинде жетекчинин кылган иши катуу сынга алынды жана алынууда. Буга чейин коомдук ишмерлер Эдил Байсалов, Адил Турдукулов жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов жетекчилик боюнча ойлорун ортого салып, ал социалдык тармактарда колдоого татыды. “Ата Мекен” фракциясы да «Белизгейт» иши боюнча маалыматтарын төгүндөөгө сунуш киргизди.

Ал эми КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Жыпар Жекшеев Илим Карыпбеков боюнча таптакыр башка ойдо. Ал бүгүн “Азаттыкка” мындай дептир: “Биз Илим Карыпбековдун отчетун «жакшы» деп кабыл алдык. Бир гана Болгонбаевден башкасы добуш беришти. Бекитип бергенден кийин анын мөөнөтү бүтө элек, дагы бир жылы бар. Кетүү боюнча маселе күн тартибинде жок. Ар кандай оюндар болуп жатышы ыктымал. КТРКнын жетекчисин биз гана — Байкоочу кеңеш гана кетире алабыз. Жогорку Кеңеш, президент кетире албайт.

И.Карыпбековдун отчетуна каршы добуш берген төкмө акын, Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаевдин маегин бул ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.