Америкада 1-майды майрамдабайт да, эскербейт. Бул күнү алар эмне кыларын Айтикеев айтты…

Америкада 1-майды майрамдабайт да, эскербейт. Бул күнү алар эмне кыларын Айтикеев айтты…

Кызыгы,1-май майрамдын жаралышына негиз болгон Америкада бул күн майрамдалбайт. Бу күн жөнүндө эч ким эскербейт да, майрамдабайт да. Ушул күнү алар эмне кылат? Аны АКШнын Глендейл (Glendale) шаарында жашап, эмгектенип жаткан белгилүү журналист Адилет Айтикеев Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй жазды.

Бул күнү Америкада эч ким Эл аралык эмгек күнү деген майрамды белгилешпейт, бирок баары эмгекчил. Түшкү тамакты да иштеп жатып жеп алышат. Обед деген танапис жок. Эч ким ишембилик, жекшембилик деп жүгүрбөйт, бирок бардык жер таза, бир да жерден тамекинин бүчөгүн көрбөйсүң.

А бизде баары эмгек күнүн майрамдашат, бирок эмгектенип тытынгандар өтө аз. Баары эле тойлордо, кафелерде жүрүшөт.

Баары жума сайын ишембилик деп тапырап калышат, а көчөдө, парктарда ал түгүл тоонун чокусуна чейин барсаң таштандынын түрүн табасың: бөтөлкө, салфетка, тамеки, какырык-түкүрүк деги койчу, таштанды салынган контейнерлерге таштанды батпай, сасып, чымын-чиркей толуп, иттер шимшилеп жүргөнүн көрөсүңОшон үчүн бизге Америкадагыдай система керек!”

Майрамдан кийин 6-11 тонна таштанды чыккан…

Чычалабайлы, бул ачуу чындык. Мына кечээ эле Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесинен кийин, Ала-Тоо аянтынан 6 тонна таштанды чогултканын “Тазалык” ишканасы тастыктады го. Аталган ишкана Ноорузду майрамдоодон кийин 11 тонна таштанды жыйнаганын айтып чыккан.

1-Май майрамы биринчи жолу Пишпек шаарында белгиленген

Майрам деп майрамдайбыз, бирок, анын тарыхына кызыкпайбыз. 1-май биздин өлкөдө, Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы, андагы Пишпек шаарында белгиленген. 1-Май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары майрамдалып келген. Завод, фабрика иштеп турганда, андагы эмгекчилер параддан өтүшкөн. Эгемендүүлүк алгандан кийин бизде жумушсуздук көбөйдү. Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 2017-жылдагы статистикада 192,2 миң адам деп эсептелген. Учурда мындан да көп болушу ыктымал. Ошентсе да маанайларын чөктүрбөй бул күндү майрамдап келишет. Азыр бул күн дүйнөнүн жүзгө чукул өлкөсүндө майрамдалат.

Майа жердин урматына Май деп аталганбы?

Биринчи май тарыхына кыскача токтоло кетсек. 1-Май майрамынын тамыры Байыркы дүйнөгө барып такалат. Байыркы Рим мифологиясында Майа жер жана түшүмдүүлүктүн колдоочусу болгон. Анын урматына жаздын акыркы айы Май деп аталган. Айдап-себүү иштери түшүмдүү болсун деп иштердин бүтүшүнө карап бул айдын биринчи күнү майрам катары белгиленген.
Байыркы Грецияда да талаа иштеринин бүтүшүнө арналып майрам уюштурулган.
1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Демонстрацияда полиция ок атып, бир канча адам курман болгон. Эл уу-дуу түшүп, эки тарап кагылышып, натыйжада массалык башаламандык жүрүп кеткен да, бир канча адам (эмгекчилер тарабынан да, полиция тарабынан да) өлүмгө дуушар болгон.
1889-жылы Парижде II Интернационалдын Конгресси Чикагодо курман болгон эмгекчилердин элесине багыштап, 1-Майды 8 сааттык эмгек күнү үчүн күрөш жана Бардык өлкөлөрдүн пролетарларынын тилектештик күнү катары белгилөөнү чечкен.
1-Май Эмгекчилер күнү катары 1890-жылы Варшавада белгиленген. Анда жалпы эмгекчилердин иш таштоосу өткөн. Кийин бул күн саясий мүнөзгө ээ болуп, митинг-демонстрациялар уюштурулуп турган.
Октябрь революциясынан кийин гана 1-Май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары майрамдалган.
1997-жылдан бери 1-Май Жаз жана эмгек майрамы катары белгиленет.
Кызыгы, майрамдын жаралышына негиз болгон Америкада бул күн жөнүндө эч ким эскербейт да, майрамдабайт да. Батыш Европада бир гана Британияда 1-Май дем алыш күн. Башка өлкөлөрдө белгиленбейт.
1-Май Берлинде митинг өткөрчү күн. Испанияда гүлдөр күнү, Сицилияда ромашкалар, Нидерланддарда жоогазын майрамы. Түштүк Африка Республикасында тилектештик күнү. Бул күнү жарманкелер уюштурулуп, бардык буюмдар арзандатылып сатылат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө дале майрамдалат.

Майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.