Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Адал эмгек, маңдай тер менен гана бакубат турмушка жетүүгө болот”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Адал эмгек, маңдай тер менен гана бакубат турмушка жетүүгө болот”

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-май майрамы менен куттуктап, өзгөчө мигранттарга ыраазычылык билдирди. Расмий маалыматтарга караганда, чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң, алардын 640 миңи Орусияда экени айтылат. Чынында Кыргызстанды багып келаткан мигранттар, алар жакшы акча которушат.  Алсак, 2015-жылы 1 млрд 168 миллион доллар, 2016-жылы 1 млрд 991 миллион доллар, 2017-жылы кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которгон. 

Сооронбай Шариповичтин бүгүнкү куттуктоосу төмөндөгүдөй:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайм! Совет доорунан бери сакталып келе жаткан бул салттуу майрам эмгекчилердин тилектештигин, ак эмгек аркылуу ийгиликке жетүүнүн салтанатын даӊазалайт.

Эмгекти кадырлоо – элибиздин негизги дөөлөтү. Адал эмгек, маңдай тер менен гана өндүрүштү өнүктүрүп, бакубат турмушка жана руханий байлыктарга жетүүгө болот.

Эмгек адамдарын даңазалаган ушул күнү өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу муундун өкүлдөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!

Эмгек ардагерлеринин турмуштук мол тажрыйбасы, сабырдуулугу жана даанышмандыгы, жаш муунга көргөн камкордугу коомубузду өнүктүрүүдө зор мааниге ээ.

Эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык майрамында чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибизге өзгөчө жылуу каалоолорумду жолдойм.

Бөлөк эл, бөтөн жерде Сиздер үй-бүлөңүздөр үчүн, мамлекетибиздин экономикасы үчүн чоң иш жасап жатканыңыздарды ыраазычылык менен баса белгилейм. Евразия экономикалык бирликтин өлкөлөрүндө иштеп жаткан эмгек мигранттарыбыздын шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жигердүү улантылат.

Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин укугун ар тараптан коргоо, аларга конкреттүү жардам көрсөтүү – Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин артыкчылыктуу иши. Өкмөт элчиликтердин эмгек мигранттары менен иш алып баруусун жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга милдеттүү.

Карапайым эмгекчилердин, убактылуу жалданып иштегендердин, аялдардын жана жаштардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо, эс алуусун камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын так сакталышын катуу көзөмөлгө алуу – тийиштүү мамлекеттик органдардын негизги милдети!

Жаштарыбыздын жаратман күч-кубаты, эмгекти сүйүүсү, мекенчилдик сезими мамлекетибиздин келечегине бекем негиз болот.

Урматтуу мекендештер!

1-Май жалпы Кыргызстан элинин сүйүктүү майрамдарынын бири. Эмгек майрамы бардыгыбызды бир максатка багыттап, элибиздин жашоосун жакшыртууга, Мекенибизди кубаттуу жана гүлдөгөн өлкөгө айлантууга чакырып турат.

Майрамыңыздар менен! Жергебизде тынчтык болуп, элибиз бакубат турмушта жашасын!»

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.