Амантай Кутманалиев Алайда гүл жыттап, обон созду… (ВИДЕО)

Амантай Кутманалиев Алайда гүл жыттап, обон созду… (ВИДЕО)

КРнын эмгек сиңирген эл артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенет. Аталган топ түштүк тарапка барып, Ош шаарына, Алай районуна концерт коюп келишти. Төкмө акын агабыз менен азыноолак маек курдук.

 Ош облусуна барып келдиңиздер, эми кайда сапар тартканы турасыздар?

— Түштүктөгү туугандарды түрө кыдыра алган жокпуз. Ош облусуна бардык. Алгач 26-27-апрелде Ош шаарында концерт бердик, андан кийин Алайга бардык. Концерт коердун алдында эмгек жамаатыбыз чогулуп, бир куплет ыр менен талаада тартылганбыз: “Менде бир сонун ой бар, жолугуп туугандарга сагынычты жазып келсек” деп. Анынсыңарындай, ал жактагы туугандарга жолугуп, сагынычты жазып келдик. Элден айланайын, абдан жакшы тосуп алышты, койгон концертибизге ыраазы болуп, алкашты, макташты. Эми Бишкекке концерт коюп, андан соң Талас, Ысык-Көл, Нарынга барабыз деп турабыз. Эл алдына коюп жаткан концертибиз, жүргүзүп жаткан иш чарабыз “аймактарды өнүктүрүү жылына” арналат. Быйыл өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков “аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялабадыбы.
— Тобуңарда канча чыгармачыл адам бар? Улуусу канчада?

— Жамаатыбызда 14 чыгармачыл адам эмгектенет. Кыздардын улуусу да, сулуусу да, акылманы да Нуржамал Табалдиева, 64 жашта. Эркектердин улуусу менмин. Кичүүбүз ырчы Гүлзат Байзакованын баласы болуп калат го. Катарыбыз жаштар менен толукталууда. Жетекчибиз КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев. Аалы мыкты жетекчи, жоопкерчиликтүү, талапты катуу коет. Ошон үчүн «Эл ырчысы Эстебес» тобу филармониянын акчалай сыйлыгына эки жолу ээ болгонбуз, эки ирет 100 миң сомду жеңип алганбыз.

Амантай Кутманалиевдин ырдаган ыры:

Маектешкен Нази БАЯН кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.