Марат ИМАНКУЛОВ: “Жыргап жүргөн Шадиев кантип эле жүрөк оорулуу болуп калат?”

Марат ИМАНКУЛОВ: “Жыргап жүргөн Шадиев кантип эле жүрөк оорулуу болуп калат?”

Экс-вице-премьер-министр, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголгон. Ал дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча “Азаттыкка” анын жардамчысы Айбек Эрмеков билдирген. Анын айтымында, Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 27-апрелде чет өлкөгө кеткен. Жүрөк оорусуна байланыштуу соңку беш жылдан бери шефи дарыгерлердин каттоосунда турарын айтыптыр. Ал эми мындай маалыматты УКМК четке кагып, Кыргызстанда эле экенин кабарлаган. Бирок, азыр каерде экени тактала элек.

«Чет өлкөгө кеткендин өзү — айыбынан чочугандык, жоопкерчиликтен качуу»

Ушундай улам “Азаттык” белгилүү адамдарга суроо салган. Соболдун бирине УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Шадиев боюнча буларды айткан: “Чет өлкөгө кеткендин өзү — бул өзүнүн айыбынан чочугандык, жоопкерчиликтен качуу. Баары тең ошо «чет өлкөгө дарыланабыз» деп кетишет. Эмне, Кыргызстанда дарыланса болбойт беле? Анан ушу баары эле кылмыш иши козголгондо оорукчан болуп чыга келишет. Ага чейин тоо текедей болуп, так секирип чуркап жүрүшпөдү беле? Ошол эле Шадиев депутаттык менен бирге, биринчи вице-премьерликти кызматты кошо аркалап, ден соолугу деле тың, жыргап эле жүрбөдү беле? Анан кантип эле жүрөк оорулуу болуп калат? Бул ошол саясатчылардын абийиринен көз каранды. Андан дагы аларды өлкөдөн качырып жиберип жаткан болсо — бул биздин күч кызматтарынын чабалдыгы. Кыргызстан ушундай саясатчылардан арылышы керек. Кылмыш кылгандарды чет өлкөгө качырбай тургандай саясий система түзүшү керек

30 миң доллар уурдалганы боюнча Шадиевге кылмыш иши козголгон

Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) 28-апрелде иш козгогон. А.Шадиев ушул боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган.

Эскерте кетсек, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл февралда ачыкка чыккан. Ушул ишке байланыштуу ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Аскарбек Шадиев бир нече ирет УКМКга суракка чакырылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.