Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Менин ишимди кайра карап чыгууну талап кылам”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Менин ишимди кайра карап чыгууну талап кылам”

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова ММКларга билдирди. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев анын күнөөсүн кечирүүдөн баш тартып, ага козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгууну талап кылган. Буга чейин «Ата Мекен» фракциянын депутаттары жана башка дагы көпчүлүк депутаттар Текебаевдин иши кайра каралашы керектигин айтып келишкен жана айтышууда. Учурда калың эл да Өмүрбек Текебаевге туура эмес козголгон иштин кайра карап чыгуусун жана тезинен абактан бошотуу боюнча соттон талап кылып, кол чогултушууда.

Искен АФИДЖАНОВ: «Текебаев кечирим суроого негиз жок»

Өмүрбек Чиркешовичтин адвокаты Искен Афиджанов Өмүрбек Текебаев да, адвокаттар да ага тагылган айыпты моюнга алган эмес жана ырайым сурап эч кимге кайрылган эмес. Текебаев да, адвокаттар да кечирим суроого негиз жоктугун баса белгилешет. Алар эч нерсеге айыптуу эместигин айткан Афиджанов.

Акыйкатчы ырайым кылуу боюнча кайрылуу жасаган

Кечээ, 3-майда, акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранган. Акыйкатчы мыйзам боюнча кайрылуу жасады. Мунапыс берүү боюнча мыйзам бар. Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү мыйзамда «Ырайым кылуу белгилүү бир жеке адамга карата КРнын президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат» деп жазылган.

Адвокаттар Турусбек Коеналиевдин гана жообун күтүшүүдө…

Т.Токтакунова акыйкатчынын мындай кайрылуусуна, колдоосуна ыраазылык билдирип, учурда Өмүрбек Чиркешовичтин өтүнүчү боюнча кандай иш жүрүп жатканы боюнча бүгүн маалымат таратты. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого бардык документтер даяр, олуттуу негиздемелер бар. Бир гана кагаз калган. Ал – № 306 иш бөлмө. “№ 306 иш бөлмөдө ким отурган? Ал жерде Алмаз Атамбаев отурган. Ошол такталса эле, президенттик иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиевден жообун алсак эле арызды Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Эгер ал жак макул болсо, Жогорку сот ишти кайра карап чыгууга жөнөтөт”,-дейт жактоочу Т.Токтакунова.

Модин Атамбаев отурган иш бөлмөнү көрсөткөн болчу…

306-бөлмө боюнча соттук териштерүүдө айыптоочу тарап «Ак үйдөгү №306 бөлмөдө 2010-жылы Текебаев отурган» деп айткан. Ал эми Текебаевдин адвокаттары «ал бөлмөдө экс-президент, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурчу» деп айтышкан жана айтып келишүүдө. Сотто бир топ күбөлөр ал бөлмөдө Атамбаев отурганын ырасташкан. Атүгүл Текебаевди жалган жерден күнөөлөп жаткан Модин да Атамбаев отурган бөлмөнү көрсөткөн. Аны баарыбыз эле көгүлтүр экрандан көргөнбүз.

Эскерте кетсек

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «орус жаранынан ири суммада пара алган» деген айып менен былтыр февралда кармалып, 8 жылга кесилген. Учурда №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.