Аида САЛЯНОВА: “Атамбаевдин буйругу болгон”

Аида САЛЯНОВА: “Атамбаевдин буйругу болгон”

Экс-депутат Аида Салянованын соту бүгүн Жогорку сотто саат 14:00до болот. Ага чейин Аида Жеңишбековнанын тарапташтары, колдоочулары тынчсызданып сурап жатышкан экен, аларга жооп кылып Аида Салянова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

“Урматтуу достор, мекендештер! “Бүгүн сот болобу-болбойбу, кандай болот?!”,- деп тынчсызданып, сурап жазып жатканыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдирип, ушул жерге эле жооп жазууну туура көрдүм.
Бүгүн, 8-май күнү, саат 14.00дө Жогорку Сотто сот болот. Адилеттүү сот болсо актайт, актабаса аны дагы көтөрөбүз.

Бул Атамбаевдин буйругу экени баарыңыздарга маалым. Бир адамдын көралбастыгы, эки жүздүүлүгү бир жарым жылдык алтындай убакытты алды. Бир жылдын ичинде он мыйзам жазыптырмын. Дагы канчасы жазылат эле…
Бүгүн буйрукту бергени да, аткарганы дагы жок. Демек, төмөнкү жагдайларды эске алуу менен Жогорку сот бүгүн адилеттүү чечим чыгарат деген чоң үмүттөмүн.

Биринчиден, мен Елисеевди тааныбайм. Ал дагы, мени канча жек көрсө дагы, тааныбайм деп чындыкты айтты.
Экинчиден, Юстиция министрлигиндеги көп жылдан бери эмгектенген кызматкерлердин баары, бирөө калбай, лицензияны жандандыруу мыйзамдуу болгон деп тергөөдө дагы, сотто дагы тастыкташты.
Үчүнчүдөн, лицензия Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу. Елисеев аны менен бир күн дагы колдонгон эмес.
Төртүнчүдөн, тергөөнүн айтымында, Юстиция министрлигине Елисеевге карата кылмыш иши козголгон деген каттар түшкөн. Бирок ал каттарды мен тургай, адвокатура боюнча башкармалыктын бир дагы кызматкери, башкармалыктын куратору Мамбеталиева дагы көргөн эмес. Бул каттарды көргөн күнү дагы мыйзам боюнча жандандырбай койгонго негиз болмок эмес. Елисеев 2010-жылы соттолгон эмес.
Бешинчиден, мени Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси менен күнөөлөштү.
Бирок, ал үчүн мен пайда көрүшүм керек эле. Же болбосо бирөөнүн мүлкүн тартып алып, чоң суммадагы зыян кылып же бир ОПГнын кызыкчылыгында аракет кылышым керек болчу. Жок эле дегенде ушу үч нерсенин бирөө болушу керек эле. Бул Кылмыш жаза кодексинин өзүндө так көрсөтүлгөн.

Райондук сотто дагы, шаардык сотто дагы мага жарыш сөзгө катышканга мүмкүнчүлүк берилген жок. Мындай мүмкүнчүлүк Жогорку сотто болот деген ишеним бар. Келип катышсаңыздар болот. Дагы бир жолу колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем!

Адвокаттын юридикалык баасы

Адвокат Улан Жумаков Аида Салянованын сот отурумунан калбай катышып, аудиого жаздырып, социалдык түйүндөргө жазып, видеого тартып, түз эфирден берип, элге чындыкты жеткирип келет.  Соттук отурумдагы иштерге тээ качан эле (2017-жылы 10-ноябрда) юридикалык баа берип, Аида Жеңишбековнанын күнөөсү жок экенин факты менен далилдеп берген. Аны бул ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.