Атамбаевдин колунан сыйлык албай койгон Каныбек Мырзакановду президент кабыл алды

Атамбаевдин колунан сыйлык албай койгон Каныбек Мырзакановду президент кабыл алды

Бүгүн, 8-майда, Жеңиш майрамынын алдында президент Сооронбай Жээнбеков “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Каныбек Мырзаканов, Гүлнара Мырзаканованы жана “Наша Победа — Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымына караганда, жолугушууда издөө жумуштарын жүргүзүү, аны уюштурууга каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттик мекемелерде архивдик документтерди издөөнү көмөктөшүүгө байланыштуу маселелер талкууланган. Светлана Лаптева “Наша Победа — Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын иштери жана уюмдун пландары жөнүндө айтып берди. Каныбек Мырзаканов өлкөнүн издөө кыймылдары жүргүзүп жаткан жумушка кеңири жардам керектигин айткан. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча тынымсыз аракеттери, тарыхка болгон аяр мамилеси жана өз ишине берилгендиги үчүн Светлана Лаптева менен Каныбек Мырзакановго ыраазычылык билдирди. «Сиздердин аткарган ишиңер сый-урматка татыктуу. Жасаган эмгегиңиздердин аркасы менен мурда белгисиз жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталды», — деген мамлекет башчысы. Жолугушуу аягында президент айтылган бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдар тарабынан издөө кыймылдарына керектүү жардам көрсөтүү жумуштары жөнгө салынаарын айткан.

Кыстырма сөз

Каныбек Мырзаканов мырзага чынында эле жардам керек. Жадагалса сайт ача албай келет. Бул киши чындап кыргыз элине күйгөн киши. Сыйлыкка сатылбайт, алданбайт дагы. Кызыкпаган үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сыйлыгын кезегинде алган эмес. “Жалган жалаа менен Өмүрбек Текебаевди түрмөгө отургузуп койгону үчүн, жалган жалаа менен А.Саляновага, А.Шыкмаматовго кылмыш ишин козгогону үчүн анын колунан сыйлык аламбы? Мындай адамдын колунан сыйлык албайм!” деп баш тартып койгон. Мындай үлгүлүү адамдын маегин жакында окуй аласыздар!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.