Депутат Наталья Никитенко ардагерлердин үйүнө барып белек берди

Депутат Наталья Никитенко ардагерлердин үйүнө барып белек берди

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн, 8-майда, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Елена Гришина жана ооруктун ардагерлери Эшенкул Усубалиев менен Чоюнбек Сагынбаевдин үйлөрүнө барып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап келген.

Эл өкүлү Н.Никитенко Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ардагерлерге белектерди тапшырып, буларды айткан: “Биз үчүн Сиздерди Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктоо чоң урмат. Сиздердин эрдигиңиздердин, каармандыгыңыздардын аркасында биз бүгүнкү күндү көрүп, жаркын келечекти кыялданып жашап жатабыз. Биз сиздердин эрдиктериңиздерди эч качан унутпайбыз, ар дайым сиздер менен сыймыктанабыз”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.